Июлда Кыргызстанга которулган акчанын жалпы көлөмү 317,7 миллион долларды түздү

Июль айында жеке жактардын чек аралык акча которууларынын агымы июнь айындагы акча которуулардын көлөмүнөн 22,6 миллион долларга ашты. Эң көп агым КМШ өлкөлөрүнөн келип, 298,4 миллион долларды түздү, ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген агым 19,3 млн долларды түздү.

Июлда Кыргызстанга которулган акчанын жалпы көлөмү 317,7 миллион долларды түздү
Сүрөт: Интернеттен алынды

Акча которуулардын агымы

Улуттук банктын статистикалык маалыматы боюнча, 2025-жылдын июль айында жеке жактардын чек аралык акча которууларынын агымы 276,4 миллион доллардан ашты. 

Июль айында Кыргызстанга 317,7 миллион доллар акча каражатынын агылып кирүүсү катталды. Анын ичинен:

КМШ өлкөлөрүнөн - 298,4 млн доллар:

  • Казакстандан - 4,2 млн доллар;
  • Орусиядан - 291,3 миллион доллар;
  • башка өлкөлөрдөн – 2,9 млн.

Алыскы чет өлкөлөрдөн – 19,3 млн.

  • АКШдан - 12,9 миллион доллар;
  • Түркиядан - 1,8 миллион доллар;
  • Түштүк Кореядан - 0,1 млн доллар;
  • башка өлкөлөрдөн – 4,5 млн.

Кыргызстанга акча которуунун негизги булагы дале Орусия бойдон калууда. Алардын көбү Кыргызстандагы үй-бүлөсүн алгачкы  жашоо чыгымдары менен камсыз кылган эмгек мигранттары. 

Акча которуулардын доллар эквивалентин эсептөө КРнын Улуттук банкынын операция жасалган күндөгү расмий курсу боюнча жүргүзүлгөн.

Акча которуулардын агылып чыгышы

2025-жылдын июль айынын аягында Кыргызстандан которулган акчанын көлөмү 41,3 миллион долларды түздү.

Анын ичинен КМШ өлкөлөрүнө 39,5 миллион доллар, алыскы чет өлкөлөргө 1,8 миллион доллар которулган. Анын ичинен: 

КМШ өлкөлөрүнө - 39,5 миллион доллар:

  • Казакстанга - 0,3 млн доллар;
  • Орусияга - 38,5 миллион доллар;
  • башка өлкөлөргө - 0,7 млн.

Алыскы чет өлкөлөргө - 1,8 млн доллар:

  • АКШга - 0,1 миллион доллар;
  • Түркияга - 1,5 миллион доллар;
  • Түштүк Кореяга – 0,1 млн.
  • башка өлкөлөргө - 0,1 млн.

Маалымат үчүн: 

2022-жылдан баштап статистикалык маалыматтар акча которуу системаларынан башка төлөм инструменттерин колдонуу менен жүзөгө ашырылган жеке жактардан эл аралык акча которуулар менен толукталат. Акча которуулар боюнча статистикалык маалыматтардын булагы Кыргызстандын коммерциялык банктарынын отчеттору болуп саналат.

Жеке жактардын чек аралык акча которуулары - бул төмөнкүлөрдү пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу жеке адамдардын эл аралык акча которуулары:

  • акча которуу системалары;
  • банктык мобилдик тиркемелер;
  • электрондук капчыктар;
  • «Кыргызпочта» мамлекеттик ишканасы аркылуу которуулар.

Эске салсак, июнь айында Кыргызстанга келген акча которуулардын агымы 295 миллион доллардан ашкан. 

2025-жылдын май айында Кыргызстанга келген акча которуулардын агымы 299 миллион долларды түзгөн болчу. 

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.