2025-жылдын май айында Кыргызстанга келген акча которуулардын агымы 299 миллион долларды түздү

Акча которуулардын агымы
2025-жылдын май айында жеке жактардан чек аралык акча которуулардын агылып кириши 263 миллион АКШ долларынан ашып кеткен. Бул каржылык жөнгө салуучунун статистикасынан келип чыккан.
Май айында Кыргызстанга келген каражат 299,2 миллион АКШ долларын түздү. Алардын ичинен:
КМШ өлкөлөрүнөн - 284 млн доллар:
- Казакстандан - 1 млн доллар;
- Орусиядан - 281,1 млн доллар;
- Башка өлкөлөрдөн - 1,9 млн доллар.
Алыскы чет өлкөлөрдөн – 15,2 млн доллар:
- АКШдан - 6,3 млн доллар;
- Түркиядан - 0,8 млн доллар;
- Түштүк Кореядан - 0,1 млн доллар;
- Башка өлкөлөрдөн- 8 млн доллар.
Кыргызстанга акча каражаттарынын негизги агымы адаттагыдай эле Орусиядан келет. Алардын көбү мекендеги үй-бүлөсүн керектүү нерселер менен камсыз кылуу максатында акча которгон эмгек мигранттары.
Акча которуулардын доллар эквивалентин эсептөө КРнын Улуттук банкынын операция жасалган күндөгү расмий курсу боюнча жүргүзүлөт.
Акча которуулардын сыртка чыгуусу
Май айында Кыргызстандан сыртка которулган акча 36,2 миллион долларды түздү. Алардын ичинен:
КМШ мамлекеттерине - 32,8 млн доллар:
- Казакстанга - 0,4 млн доллар;
- Орусияга- 31,7 млн доллар;
- Башка мамлекеттерге - 0,7 млн доллар.
Алыскы чет мамлекеттерге - 3,4 млн доллар.
- Түркияга - 3,2 млн долларов;
- Башка мамлекеттерге - 0,1 млн доллар.
Маалымат үчүн:
2022-жылдан тартып статистикалык маалыматтар акча которуу системаларынан башка төлөм инструменттерин колдонуу менен жүзөгө ашырылган жеке жактардын эл аралык акча которуулары менен толукталган. Акча которуулар боюнча статистикалык маалыматтардын булагы болуп Кыргызстандын коммерциялык банктарынын отчеттору саналат.
Жеке жактардын чек аралык акча которуулары - бул төмөнкүлөрдү пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу жеке адамдардын эл аралык акча которуулары:
- акча которуу системалары;
- банктык мобилдик тиркемелер;
- электрондук капчыктар;
- «Кыргызпочта» мамлекеттик ишканасы аркылуу которуулар.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.