Айлык акы тууралуу бул маалыматты Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Бишкекте өткөн брифингде билдирген.
ТОП 5 эң көп төлөнүүчү тармактар (2025-жылдын январь айына карата маалыматтар)
- Маалымат жана байланыш — 79 миң 205 сом;
- Тоо-кен тармагы — 73 миң 266 сом;
- Каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу — 68 миң 725 сом;
- Өнөр-жай тармагын иштеткендер — 61миң 550 сом;
- Кыймылсз мүлктөр менен иш алып баргандар — 51 миң 737 сом.
Эмгек акынын кескин өсүшү (жылдан жылга)
- Маалымат жана байланыш: +39,0%;
- Кыймылсз мүлктөр менен иш алып баргандар: +30,2%;
- Административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк: +27,9%;
- Каржылык сектор: +24,7%;
- Тоо-кен өнөр жайы: +22,7%.
Эң аз эмгек акы алган тармактар
- Маданият, көңүл ачуучу жана эс алуу тармагы — 25 миң 93 сом;
- Айыл чарба, токой жана балык чарбасы — 26 миң 857 сом;
- Билим берүү — 27 миң 19 сом;
- Мейманкана жана тойканаларда иштегендер — 34 миң 551 сом;
- Социалдык тейлөө жана саламатттыкты сактоо — 33 миң 44 сом.
Январь айында эң жогорку жана эң төмөнкү айлык акынын ортосундагы айырма 3 эседен ашты, бул тармак боюнча кирешелердин деңгээлиндеги терең дифференциацияны чагылдырат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.