Токтом долбоорунун башкы максаты
Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады. Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришти.
Документ КРнын Улуттук банкынын ЧУА төмөнкү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан:
- 2025-жылдын 18-июлундагы №151 «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;
- 2025-жылдын 28-апрелиндеги №84 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына банктык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө».
Токтом долбоору төмөнкүлөргө багытталган:
- карта ээлеринин жана электрондук акчанын алдамчылыктары менен күрөшүү;
- КРнын төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички жана тышкы алдамчылык менен күрөшүү боюнча чараларды күчөтүү;
- транзакциялардын коопсуздугун чыңдоо;
- кардарлардын кызыкчылыктарын коргоо;
- банк жана төлөм системаларына ишенимди күчөтүү.
Административдик жана кылмыш жоопкерчилиги
Документтин түшүндүрмө берүүчү бөлүгүндө, 2025-жылдын 18-июлунда жогоруда аталган мыйзам КРнын кылмыш-жаза кодекси 209-1-беренеси менен толукталган, анда электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-картаны үчүнчү жактарга атайылап өткөрүп берүүнүн же сатуунун натыйжасында адамдардын административдик же кылмыш-жаза жоопкерчилигин (келтирилген зыяндын даражасына жараша) белгилейт.
«209-1-берененин 1-бөлүгүнө ылайык, банктын жана банктык кызматтарды көрсөтүүчү башка жактын, виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн кардары, электр байланыш операторунун абоненти тарабынан үчүнчү жактарга электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды аларды ачуу мүмкүнчүлүгүн жана башкарууну берүү менен, үчүнчү жактардын көрсөтмөсү боюнча жана алардын кызыкчылыктарында укук ченемсиз аракеттерди жасоо максатында атайылап берүү же сатуу, эгерде бул олуттуу эмес өлчөмдө зыян келтирүүгө алып келсе, ‒ 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат», - деп жазылат маалыматта.
2-бөлүгүнө ылайык, ошол эле жосун:
- олуттуу өлчөмдө зыян келтирүү менен;
- адамдардын тобу тарабынан;
- алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалса.
Эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же 3 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат .
3-бөлүгүнө ылайык, каралган жосундар:
- ири өлчөмдө зыян келтирүү менен;
- өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланган адам тарабынан жасалса.
1000ден 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Мыйзамдын 4-бөлүгүнө ылайык, ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү менен, уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштук курамында жасалса.
Мүлкүн конфискациялоо менен, 3 жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен, 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Алдамчылыкка каршы чараларды күчөтүү
«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 26-берененин 3-бөлүгү 5-пункт менен толукталды, ага ылайык Улуттук банк төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын ишин жөнгө салуу боюнча иш милдеттерин жүзөгө ашыруу максатында, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун кардарларынын жана кызматтарын пайдалануучуларынын кызыкчылыктарын алдамчылык аракеттерден коргоону камсыз кылуучу алдамчылыкка каршы аракеттенүү системасынын (антифрод) болуусуна жана анын натыйжалуу иштөөсүнө талаптарды белгилөө боюнча дагычараларды көрүүгө милдеттүү.
Алдамчылык операциялар банктык төлөм карталарынын жана электрондук капчыктардын ээлерине гана зыян келтирбестен, калктын банк жана төлөм системаларына болгон ишенимин азайтып, санарип төлөм кызматтарынын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Ошол эле учурда жөнгө салуудагы боштуктар төлөм системасындагы тобокелдиктер менен күрөшүүнү кыйындатат жана аларды четтетүүнү талап кылат.
Кылмыштарды болтурбоо максатында, банктык карталарды, электрондук капчыктарды, ошондой эле аралыктан туруп тейлөө системаларына кирүү үчүн логиндерди жана сыр сөздөрдү үчүнчү жактарга атайылап сатуу, берүү менен байланышкан жоболорго өзгөртүүлөр сунушталууда:
- 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө»;
- 2022-жылдын 20-апрелиндеги №2022-П-14/25-3-(ПС) «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө»;
- 2015-жылдын 15-апрелиндеги №22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө»;
«Банктык төлөм карталарынын, электрондук капчыктардын эмитенти кардар менен түзүлгөн келишимде банктык төлөм картасын, электрондук акчаны, электрондук капчыкты, аларга кирүү үчүн логиндерди жана сыр сөздөрдү үчүнчү жактарга сатууга, берүүгө тыюу салуу талабын, ошондой эле саналып өткөн инструменттерди пайдалануу менен алдамчылык аракеттерге катыштыгы аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу талабын чагылдырууга тийиш», - деп айтылат токтомдо.
Токтом долбоору ички жана тышкы алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүнүн алкагында төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- операция шектүү болуп саналып, алдамчылык мүнөздө болушу мүмкүн экендигин көрсөткөн учурларда банкоматтар аркылуу накталай акча алуу үчүн 24 сааттык мөөнөттүк чектөө белгилөөгө карт эмитенттерин милдеттендирүү. Мында эмитент суткасына бир жолку лимиттин өлчөмүн өз алдынча белгилөө сунушталат. Эмитент да бул талапты карт ээси менен түзүлгөн келишимде чагылдырууга жана картты чыгарууда карт ээсине билдирүүгө милдеттүү. Өз кезегинде карт ээси банктын/эмитенттин бөлүмдөрүндө эмитент тарабынан белгиленген чектөөнүн суммасынан ашыкча накталай акча алууга укуктуу;
- операциянын мүмкүн болуучу алдамчылык мүнөзүн көрсөткөн белгилер аныкталган учурда банк, төлөм уюму, төлөм системасынын оператору мындай операцияны 30 күнгө чейинки мөөнөткө токтото турууга укуктуу экендигин белгилейт.
Белгиленгендей, токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.
Документ менен толугураак бул шилтемени басып тааныша аласыз.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.