usd
87.38 / 87.800.00 / 0.00
Социалдык тармактарда MBANKтын атынан 500 сом төлөнөт деген видео тарап жатат. Чындыгында бул — алдамчылык схемасы.

MBANK расмий түрдө билдирет: банк пикир үчүн эч кандай акча төлөгөн акцияларды өткөрбөйт.
«Бул — алдамчылык. Шектүү шилтемелерге кирбеңиздер жана жеке маалыматтарды киргизбеңиздер. Бардык расмий сунуштар жана акциялар банктың расмий сайтында жана расмий аятчаларында гана жарыяланат», — деп билдирди банктын басма сөз кызматы.
Мындай алдамчылык ыкмалары көп кездешет. Шылуундар көп учурда эл тааныган бренддерди жана адамдарды колдонуп, ишеним жаратканга аракет кылышат.
Эсиңизде болсун!
MBANK бардык жарандарды сак болууга жана маалыматты расмий сайттан текшерип турууга чакырат: www.mbank.kg
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.