Чакан, орто жана ири бизнес: отчетторду тапшыруу мөөнөттөрү

Мамлекеттик салык кызматы бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча иш алып барган салык төлөөчүлөргө отчет тапшыруу жана салык төлөө мөөнөттөрү тууралуу эскертет.

Чакан, орто жана ири бизнес: отчетторду тапшыруу мөөнөттөрү

Салык мыйзамдарына ылайык, акыркы 12 айдагы жыйынды кирешесине жараша ишкердик субъекттери чакан, орто жана ири бизнес болуп бөлүнөт.

Чакан бизнес

  • Акыркы 12 айдагы жыйынды кирешеси 8 млн сомдон ашпаган уюм же жеке ишкер.
  • Отчеттуулук: ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча кийинки айдын 20-числосунан кечиктирбестен.
  • Салык төлөө: ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча кийинки айдын 20-числосунан кечиктирбей төлөнөт.

Орто бизнес

  • Акыркы 12 айдагы жыйынды кирешеси 8 млн сомдон ашып, бирок 50 млн сомдон ашпаган уюм же жеке ишкер.
  • Отчеттуулук: ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейин тапшырылат.
  • Салык төлөө: ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейин төлөнөт.

Ири бизнес

  • Акыркы 12 айдагы жыйынды кирешеси 50 млн сомдон ашкан уюм же жеке ишкер.
  • Салык органы айрым субъекттерди министрлер кабинетинин критерийлерине ылайык ири салык төлөөчү катары тааный алат.
  • Отчеттуулук: ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейин тапшырылат.
  • Салык төлөө: ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейин төлөнөт.

Белгилей кетсек, эгерде жыл ичинде киреше белгиленген чектен ашып кетсе же төмөндөсө, субъект календардык жылдын аягына чейин өз категориясын сактап калат.

Эске салсак, салык милдеттенмелерин өз убагында аткаруу айып пулдардан жана кошумча санкциялардан сактайт.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.