Соцфонддун маалыматы боюнча, жаш курак боюнча жана майыптык боюнча пенсияларды чектөө процессин толугу менен өзгөртө турган жаңы Автоматташтырылган маалыматтык тутумду (АМТ) ишке киргизүүгө даярдыктар аяктап жатат.
Бул тутум кантип иштейт? Жаңы тутум эмгек стажы, кирешелер тууралуу маалыматтарды өз алдынча топтойт, төлөмдөрдүн өлчөмүн эсептейт жана пенсияны автоматтык режимде тариздейт.
Пенсия курагына жетүүгө туура бир ай калганда «Түндүк» тиркемесиндеги жеке кабинетке Соцфонддон билдирүү келет. Андан соң, пенсияны кайсы банктын картасы аркылуу алууну кааласа, ошол банкты тандап коюу жетиштүү болот.
Соцфонд кызматтын ишке киришине азыртадан кам көрүүнү сунуштайт. Ал үчүн «Түндүк» тиркемесин көчүрүп, эгерде аккаунт жок болсо, катталуу керек. Бул өзгөчө пенсия курагына жакындап калган жарандарга тиешелүү.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.