Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 19,2%га өскөн.
Керектөө бааларынын индексин эсепке алуу менен, отчеттук мезгилде реалдуу эмгек акы 10,4%га өстү, бул үй чарбаларынын кирешелеринин оң динамикасынын сакталышын көрсөтүүдө.
Статистикалык маалыматтарда белгиленгендей, 2025-жылдын январь-октябрь айларында экономиканын бардык тармактары боюнча орточо айлык номиналдык чегерилген эмгек акынын өсүү темпинин тездеши катталган.
Эмгек акынын өсүүсү боюнча лидерлер
Эмгек акынын эң олуттуу жогорулашы төмөнкү тармактарда байкалган:
- Кыймылсыз мүлк менен операциялар – 33,9%га;
- Курулуш – 32,4%га;
- Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк – 29,8%га;
- Административдик жана жардамчы ишмердүүлүк – 29,6%га;
- Мамлекеттик башкаруу, коргонуу жана милдеттүү социалдык камсыздоо — 29,1%га;
- Саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө — 24,5%га;
- Электр энергиясы, газ, буу жана кондициялоо — 22,5 процентке;
- Мейманканалар жана ресторандар — 22,1%га;
- Кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрү – 20,7%га;
- Транспорттук иш жана жүктөрдү сактоо – 18%га.
Экономиканын негизги тармактарында эмгек акынын өсүшү өлкөдө ишкердик активдүүлүктүн жанданышын жана иш менен камсыз кылуунун кеңейгендигин көрсөтүп турат.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын январь-сентябрь айларында бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 42 757 сомду түзгөн.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.