2025-жылы айлык акы эң көп көтөрүлгөн тармактар аталды

2025-жылдын январынан сентябрына чейин бир кызматкердин орточо айлык акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 42 757 сомду түздү.

2025-жылы айлык акы эң көп көтөрүлгөн тармактар аталды
Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,5 пайызга көп.

Инфляцияны эске алганда, реалдуу эмгек акынын өлчөмү 10,9 пайызга жогорулады. Бул кызматкерлердин сатып алуу жөндөмдүүлүгү иш жүзүндө өскөнүн көрсөтөт.

Өсүү бардык тармактарда катталууда 

Орточо айлык номиналдык эмгек акынын өсүү темпи бардык экономикалык ишмердүүлүк боюнча өскөн. Эң чоң өсүш төмөнкү тармактарда катталган:

  • кыймылсыз мүлк менен операциялар - 35,9 пайыз;
  • курулуш — 34,7 пайыз;
  • административдик жана көмөкчү иш - 29,1 пайызга;
  • профессионалдык, илимий жана техникалык ишмердүүлүк - 29,0 пайызга;
  • мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздандыруу - 26,9 пайызга;
  • саламаттык сактоо жана социалдык кызматтар - 26,2 пайызга;
  • мейманкана жана ресторандар - 24 пайызга;
  • финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу – 18,3 пайызга.

2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча эмгек акынын туруктуу өсүшү жана экономиканын негизги тармактарында эмгек рыногундагы позициялардын чыңдалышы байкалды.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.