Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалат.
20-августта жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казыналык векселдерди жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Анын көлөмү 300 млн сомду түзөт.
21-августта Финансы министрлиги жүгүртүү мөөнөтү 2 жыл болгон мамлекеттик казыналык облигацияларды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт. Алардын көлөмү 400 млн сомду түзөт.
Мамлекеттик баалуу кагаздар — мамлекет инвесторлордон каражат тартуу үчүн колдонгон курал. МКВ жана МКО сатып алуу менен инвесторлор иш жүзүндө мамлекетке каражат беришет. Ал эми Финансы министрлиги чыгаруу шарттарына ылайык, белгиленген мөөнөттө бул каражаттарды кирешеси менен кайтарып берүүгө милдеттенет.
Мындай жайгаштыруулар мамлекетке бюджеттин чыгымдарын каржылоо үчүн кошумча каражат тартууга, ал эми инвесторлорго мамлекеттик баалуу кагаздарга салган каражатынан киреше алууга мүмкүнчүлүк берет.
Буга чейин Banks.kg мамлекеттик баалуу кагаздарды коммерциялык банктар аркылуу сатып алууга болорун жазган. Аукциондорго банктар жана ири инвесторлор гана эмес, кадимки жарандар да катыша алат. Узак мөөнөттүү мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгү алардын жүгүртүү мөөнөтүнө жараша болот жана жылдык 10%га чейин жетиши мүмкүн.
Биз буга чейин мамлекеттик баалуу кагаздардын бат-бат чыгарылышы өлкөнүн экономикасы кыйынчылыкка дуушар болуп жаткандай таасир калтырышы мүмкүн экенин аныктаганбыз. Бирок иш жүзүндө бул бюджетти толтуруунун гана жолу эмес, экономикалык саясаттын маанилүү инструменттеринин бири болуп саналары белгилүү болгон.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.