Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылга карата салык жыйноо планы 268 млрд сом деп белгиленген. Бирок жүргүзүлүп жаткан реформалардын жана натыйжалуу иштердин эсебинен бул көрсөткүч 303 млрд сомго чейин жетет деген үмүт бар. Жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен эле 275 млрд сом салык жыйналып, белгиленген план ашыгы менен аткарылды.
Ысабеков белгилегендей, учурда жаңы салык түрлөрү киргизилген жок. Тескерисинче, ишкерлерди колдоо максатында бир катар жеңилдиктер берилип, айрым салык ставкалары төмөндөтүлдү. Мисалы, зергерчилик тармагында мурда сатуудан алынуучу салык накталай төлөмдө 4%ды жана накталай эмес төлөмдө 2%ды түзсө, ал эми төлөмдүн эки түрүнө тең 0,25%га чейин кыскартылды.
Ал президент Садыр Жапаровдун «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгонун эске салды. Аталган документ зергерчилик жана тигүү өнөр жайын комплекстүү өнүктүрүүгө, ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоого багытталган.
Жарлыктын алкагында аталган тармактар үчүн олуттуу салыктык жеңилдиктер жана колдоо механизмдери каралып, ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максат кылынууда. Бул чаралар экономиканын туруктуу өсүшүнө жана бюджеттик кирешелердин көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.