«Салык төлөөчүнүн кабинетин» 1,5 миллиондон ашык жаран колдонот

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, 2025-жылдын 16-декабрына карата 1,5 миллиондон ашык салык төлөөчү «Салык төлөөчүнүн кабинетин» колдонот.

«Салык төлөөчүнүн кабинетин» 1,5 миллиондон ашык жаран колдонот
Сүрөт: интернеттен алынды

Анын ичинен 98 507 — юридикалып тарап, 1 млн 423 152 — жеке жак.

Жыл башынан бери алардын саны 180 405 миңге көбөйдү.

Salyk.kg мобилдик тиркемесин 77,6 миң салык төлөөчү колдонууда.

Аралыктан тейлөөнүн универсалдуу форматы

2025-жылы Мамлекеттик салык кызматы ири масштабдагы санариптик долбоорлорду ишке ашырды. Эң алды менен бир катар салыктык кызматтарды ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылды.

2025-жылдагы онлайн кызматтар

Бир жыл ичинде «Салык төлөөчүнүн кабинетинде» 15 жаңы онлайн-сервис жана жакшыртуу ишке киргизилди:

  • өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актылары боюнча онлайн-сервистер киргизилди жана жаңыртылды; 
  • салыктык отчётторду толтуруу жана автоматтык түрдө түзүү;
  • маалымкаттарды алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди; 
  • мүлк салыгын эсептөө жана чегерүү автоматташтырылды; 
  • отчёттун маалыматтарынын негизинде төлөнө турган салык суммасын автоматтык түзүү киргизилди; 
  • ЕАЭБ алкагында билдирмелерди онлайн тапшыруу; 
  • жеке ишкерлерди кайра каттоо;
  • жеке жактарды онлайн каттоо: 
  • эсепке алуу жана кайтарып берүү боюнча арыздарды берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. 
  • бардык салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн QR-код же төлөм коду аркылуу гана төлөө тартиби киргизилди.

Фискалдаштыруунун алкагындагы долбоорлор

Ошондой эле төмөнкү долбоорлор ишке ашырылды: 

  • кассалык аппараттардын чектери боюнча маалыматтарды онлайн режиминде өткөрүү;
  • салыктык карыздар тууралуу СМС-билдирүүлөр; 
  • тейлөөнүн сапатын баалоого мүмкүндүк берген «Пикирлер» кайтарым байланыш платформасы
  • «Дордой» базарында «Базар» системасын киргизүү боюнча пилоттук долбоор.

Салык кызматы санариптик сервистерди өнүктүрүүнү улантып, салыктык милдеттенмелерди аткарууну жөнөкөйлөтүүгө жана тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багыт алат.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.