Жогорку Кеңеш зергерлерге, тигүүчүлөргө жана машина алып-саткандарга жеңилдик берген мыйзамды жактырды

24-декабрда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.

Жогорку Кеңеш зергерлерге, тигүүчүлөргө жана машина алып-саткандарга жеңилдик берген мыйзамды жактырды
Сүрөт: ЖК

Документти Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырды, аталган мыйзам долбоору президенттин «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Долбоорго ылайык, бул чаралар зергерчилик жана тигүү өнөр жайын комплекстүү өнүктүрүүгө, ошондой эле чакан жана орто бизнес субъекттерине колдоо көрсөтүүгө өбөлгө түзөт.

Ошондой эле, зергерчилик өндүрүшү үчүн арналган жабдуулар, технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар үчүн кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулат жана транспорт каражаттарын сатууда юридикалык жана жеке жактар салык төлөөдөн бошотулат.

Мындан тышкары, тигүү тармагы үчүн киреше салыгынын ставкалары төмөндөйт жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери азаят.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.