Кыргызстанда унаа сатуудан алынуучу салык жоюлат

Президент Садыр Жапаров автотранспорт каражаттарын сатуудан түшкөн кирешеге салык амнистиясын жана автотранспорттук операцияларга жаңы жеңилдиктерди киргизүүнү караган «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Кыргызстанда унаа сатуудан алынуучу салык жоюлат

Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди. 

Документке ылайык, министрлер кабинетине бир айлык мөөнөттө тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды. Анда автотранспорт каражаттарын сатууда жеке жана юридикалык жактарды 3 жылга салыктан бошотуу каралган.

Жободо 2026-жылдын 1-январына чейин алынган автотранспорт каражаттарын сатуудан түшкөн кирешелерге салыктар, туумдар жана санкциялар боюнча жеке жактарга (жеке ишкер катары катталгандардан тышкары) салыктык мунапыс белгиленет.

Жарлык ошондой эле ата мекендик авто өнөр жайды колдоого багытталган. Тактап айтканда, эгерде алар кыргызстандык компаниялар тарабынан чыгарылса жана/же кураштырылса, унааларды жана тетиктерди сатууда салыктан бошотуу сунушталууда.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.