Милициянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 16-мартында милиция бөлүмүнө жаран арыз менен кайрылып, «Дордой» базарынын аймагында жайгашкан акча алмаштыруу жайында түн ичинде уурулук катталганын жазган. Анда шылуундар 200 миң сом жана 27 миң тенге өлчөмүндө акча каражатын уурдап, из жашырып кетишкен.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр аныкталып, кармалган. Алар 2002-жылы туулган Т.А. жана 1998-жылы туулган Т.У аттуу жарандар болуп чыккан.
Кармалгандар тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.