Акча жөн гана эсептешүү каражаты эмес. Акча көпчүлүк үчүн стресс, тынчсыздануу, керек болсо чыныгы фобиянын булагы. Мындай коркуу акчанын жоктугуна эле эмес, анын бар экенине да байланыштуу болушу мүмкүн. Төмөндө акчага байланыштуу эң өзгөчө беш фобияны карап көрөлү.
1. Пениафобия – жакырчылыктан коркуу
Бул эң кеңири таралган каржылык фобиялардын бири. Адам туруктуу кирешеси жана топтогон каражаты болсо да, акчасыз калуудан дайыма кооптонот. Мындай коркуу ашыкча үнөмдөөгө, эс алуудан, ири сатып алуулардан баш тартууга жана дайыма «караңгы күндү» ойлонууга мажбурлайт.
Көбүнчө бул акчаны тынымсыз топтоо, ар кандай чыгымдардан тынчсыздануу жана соода кылгандан кийин өзүн күнөөлүү сезүү менен коштолот.
Белгилей кетсек, пениафобия сараңдыкка окшош болгону менен, экөө эки башка түшүнүк. Сараңдык же ашыкча үнөмчүлүк - бул көбүнчө адамдын мүнөзүнө же жүрүм-турумуна байланыштуу өзгөчөлүк. Сараң адам акчаны короткусу келбеши мүмкүн, бирок бул учурда ал күчтүү тынчсызданууну сезбейт. Анын максаты акчасын сактап калуу, акчасыз калуудан коркуу эмес.
2. Хрематофобия (хрометофобия) – акчадан коркуу
Бул сейрек кездешкен, бирок чыныгы фобия. Адам накталай акчаны көргөндө, каржы тууралуу сөз болгондо же ири суммадагы каражатты башкаруу зарыл болгондо тынчсызданат. Айрым учурларда мындай коркуу алдамчылыкка кабылуу, карызга батуу же үй-бүлөлүк чыр-чатак сыяктуу терс тажрыйбадан улам пайда болот.
Адатта ал каржы маселелеринен качуу, эсептешүү учурунда дүрбөлөңгө түшүү жана акчаны колуна алгысы келбөө менен байкалат.
3. Плутофобия – байлыктан коркуу
Бир караганда бул таң калыштуу угулат. Бирок айрым адамдар чынында эле бай болуп калуудан коркушат. Алардын ишениминде чоң акча сөзсүз түрдө көйгөйлөрдү алып келет: башкалардын көрө албастыгы, жоопкерчиликтин көбөйүшү, досторун жоготуу же коопсуздукка коркунуч жаралышы мүмкүн.
Мындай фобия көбүнчө пайдалуу сунуштардан баш тартуу, өз эмгегин төмөн баалоо жана кызматтык өсүүдөн коркуу аркылуу көрүнөт.
4. Атихифобия – каржылык ийгиликсиздиктен коркуу
XXI кылымда атихифобия көбүнчө акча маселесинде байкала баштады. Негизинен бул ийгиликсиздиктен коркууну билдирет. Бирок бүгүнкү күндө ал өзгөчө каржы тармагында актуалдуу болуп калды. Акчасын жоготуп алуудан корккон адам бизнес ачпайт, инвестиция салбайт, жумушун алмаштырбайт жана маанилүү чечимдерди жылдап кийинкиге жылдырат.
Мындай учурда адам ашыкча этият болуп, өзгөрүүлөрдөн жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдөн баш тартып, чечим кабыл алууну улам кийинкиге калтыра берет.
5. Карызга байланыштуу тынчсыздануу – насыялардан жана каржылык милдеттенмелерден коркуу
Бул расмий медициналык фобия эмес, бирок XXI кылымда барган сайын кеңири жайылып жаткан психологиялык абал. Адам насыя, бөлүп төлөө же башка каржылык милдеттенмелер тууралуу ойлогондо эле катуу стресске кабылат, абал объективдүү жактан коопсуз болсо да.
Каражатка муктаж болуп турса да, мындай адам ипотекадан же насыядан баш тартып, карыз жөнүндө дайыма тынчсызданат. Бул уйкусуздукка жана акча тууралуу улам-улам кайталанган ойлордун пайда болушуна алып келиши мүмкүн.
Каржылык коркуулар ченеми менен болсо, адамга ойлонулган чечимдерди кабыл алууга жардам берет. Бирок тынчсыздануу жашоону көзөмөлдөй баштаса, акча табууга, сарптоого же келечекке план түзүүгө тоскоолдук жаратса, анда ага сөзсүз көңүл буруу зарыл. Мындай учурда каржылык сабаттуулукту жогорулатуу менен катар, коркуунун психологиялык себептери менен да иштөө пайдалуу.
XXI кылымда акча экономикалык гана эмес, психологиялык факторго да айланды. Адам өзүнүн каржылык адаттарын жана коркууларын канчалык жакшы түшүнсө, ошончолук сабырдуу жана акылга сыярлык чечимдерди кабыл алуу жеңил болот.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.