Кыргызстанга жана дагы 74 өлкөгө АКШнын иммиграциялык визасын берүү белгисиз мөөнөткө токтотулат

Мамдеп 75 өлкөнүн жарандары үчүн тагыраагы «АКШга жүк болушу мүмкүн болгон» иммиграциялык визалардын арыздарын кароону убактылуу токтотту. Бул тизмеге Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Армения, Беларусь жана башка постсоветтик өлкөлөр кирди.

Кыргызстанга жана дагы 74 өлкөгө АКШнын иммиграциялык визасын берүү белгисиз мөөнөткө токтотулат
Сүрөт: Интернеттен алынды

Бул тууралуу Fox News басылмасы билдирди. 

Мамлекеттик департаменттин кызматтык катында консулдуктун кызматкерлерге виза берүүдөн баш тартуу тапшырмасы берилген, ал эми ведомство аны текшерүү жана тандоо процедураларын карап чыгат.

Иммиграциялык визаларды (АКШга көчүп баруу жана туруктуу жашоо үчүн) берүү 21-январдан тарта белгисиз мөөнөткө токтотулат. 2025-жылдын ноябрь айында эле Мамдеп дүйнө жүзүндөгү консулдук өкүлчүлүктөргө иммиграциялык мыйзамдын «коомдук жүк» жобосунун алкагында текшерүүнүн жаңы, масштабдуу эрежелерин сактоо зарылдыгы жөнүндө телеграмма жөнөткөн.

Fox News кабарлагандай, консулдук кызматкерлерге мамлекеттик жөлөк пулдарга таянган талапкерлерге виза берүүдөн баш тартуу тапшырмасы берилип жатат.

Кеп бир катар факторлор тууралуу болууда: 

  • алардын саламаттыгынын абалы;
  • жашы;
  • англис тил билими; 
  • финансылык абалы;
  • узак убакыт медициналык жардам алууга муктаж болгондор. 

Улгайган талапкерлерге, ошондой эле буга чейин мамлекеттик каржылык жардам алгандарга баш тартылышы мүмкүн.

«Мамлекеттик департамент потенциалдуу иммигранттарды Америка Кошмо Штаттары үчүн оор жүк болуп, америкалыктардын берешендигин кыянаттык менен пайдалангандыктан, иммиграцияга жараксыз деп табуу үчүн көптөн берки ыйгарым укуктарын колдонот. Мамлекеттик департамент социалдык жана мамлекеттик жөлөкпулдарды ала турган чет элдик жарандардын киришине жол бербөө үчүн иммиграциялык документтерди иштеп чыгуу жол-жоболорун кайра карап чыкканга чейин, бул 75 өлкөдөн иммиграция токтотулат», - деп айтылат Мамдепартаменттин өкүлү Томми Пигготттун билдирүүсүндө.

Аталган өлкөлөрдүн толук тизмеси: 

Ооганстан, Албания, Алжир, Антигуа жана Барбуда, Армения, Азербайжан, Багам аралдары, Бангладеш, Барбадос, Беларусь, Белиз, Бутан, Босния, Бразилия, Мьянма, Камбоджа, Камерун, Кабо-Верде, Колумбия, Кот-д’Ивуар, Куба, Конгонун Демократиялык Республикасы, Доминика, Египет, Эритрея, Эфиопия, Фиджи, Гамбия, Грузия, Гана, Гренада, Гватемала, Гвинея, Гаити, Иран, Ирак, Ямайка, Иордания, Казакстан, Косово, Кувейт, Кыргызстан, Лаос, Ливан, Либерия, Ливия, Түндүк Македония, Молдова, Монголия, Черногория, Марокко, Непал, Никарагуа, Нигерия, Пакистан, Конго Республикасы, Россия, Руанда, Сент-Китс жана Невис, Сент-Люсия, Сент-Винсент жана Гренадиндер, Сенегал, Сьерра-Леоне, Сомали, Түштүк Судан, Судан, Сирия, Танзания, Таиланд, Того, Тунис, Уганда, Уругвай, Өзбекстан, Йемен.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын ТИМи АКШга кирүү үчүн (туристтик жана ишкердик) иммиграциялык эмес визаларга арыз берүүнү пландап жаткан жарандарга америкалык тарап тарабынан кошумча талаптар киргизилгендигин кабарлаган. АКШга барууну каалаган кыргызстандыктар 15 миң долларга чейин күрөө төлөөгө мажбур болору айтылат. 

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.