АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий маалыматына ылайык, 2026-жылдын 21-январынан тартып бир катар чет мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн 5 000ден 15 000 АКШ долларына чейинки өлчөмдө каржылык күрөө төлөө талабы киргизилет. Каржылык күрөөнүн так өлчөмү маектешүүнүн жүрүшүндө консулдук кызматкер тарабынан жеке тартипте аныкталат.
Мындан тышкары, арыз берүүчү консулдук кызматкердин тиешелүү көрсөтмөсү берилгенден кийин гана АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин I-352 формасын толтурууга жана АКШнын Каржы министрлигинин Pay.gov онлайн төлөм платформасы аркылуу каржылык күрөө шарттарына макул экендигин тастыктоого милдеттүү.
ТИМ төмөнкүлөргө көңүл бурат:
- каржылык күрөөнүн төлөнүшү визанын берилишине кепилдик бербейт;
- АКШнын аймагында иммиграциялык статус өзгөртүлгөн учурда же уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калган учурда күрөө кайтарылбайт;
- көрсөтүлгөн талаптар күчүнө киргенден кийин берилген жаңы арыздарга гана колдонулат.
Каржылык күрөө шартында виза алган жарандар АКШга кирүүнү жана андан чыгууну төмөнкү өткөрмө пункттары аркылуу гана жүзөгө ашырууга милдеттүү:
- Бостон шаарындагы Логан эл аралык аэропорту (BOS);
- Нью-Йорк шаарындагы Жон Ф. Кеннеди атындагы эл аралык аэропорту (JFK);
- Вашингтон шаарындагы Даллес атындагы эл аралык аэропорт (IAD).
Көрсөтүлгөн талаптарды сактабаган учурда АКШга кирүүдөн баш тартууга же чыгуу процессинин туура эмес таризделишине алып келиши мүмкүн.
Белгиленгендей, айрым чет мамлекеттердин бул тизмеге киргизилиши тиешелүү мамлекеттердин жарандары тарабынан визалык режимдин бузулушунун жогорку деңгээли аныкталгандыгы менен шартталган.
Буга байланыштуу ТИМ АКШга барууну пландап жаткан жарандарды визалык талаптардагы өзгөрүүлөр менен алдын ала таанышууга, виза алуу жана АКШда жүрүү шарттарын так сактоого, ошондой эле кабыл алуучу өлкөнүн визалык жана миграциялык мыйзамдарын бузбоого кайрадан чакырат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.