Бул тууралуу финансылык жөнгө салуу органы билдирди.
31-августка карата абал боюнча КР аймагында 26 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 308 филиалы иштеп турган. Анын ичиненен 6 коммерциялык банк ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана (же) чет өлкө валюталарында кызматтарды сунуштаган.
2026-жылдын башынан бери:
Банк секторунун суммардык активдери жыл башынан тартып 24,2% өсүү менен 1 трлн 504,8 млрд сомду түзгөн.
Банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү жыл башынан 24,9% өсүү менен 633,3 млрд сомду түздү.
Банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы жыл башынан 6,1% өсүү менен 919,2 млрд сомду түзгөн.
Ислам принциптери боюнча каржылоо көлөмү жыл башынан бери 54,3% өсүү менен, 29,7 млрд сомду түзгөн.
Эскерте кетсек, 31-июлга карата ислам принциптеринин негизинде каржылоонун көлөмү 2026-жылдын башынан бери 45,1%га өскөн, ал эми Кыргызстандын банк секторунун активдери 1,5 триллион сомдон ашкан.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.