Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Улуттук банк мамлекеттик баалуу кагаздарын эсепке алуу мөөнөтүн 7 күндөн 180 күнгө чейин узартты

Улуттук банк коммерциялык банктардын ликвиддүүлүк коэффициенттерин эсептөөдө эске алынуучу мамлекеттик баалуу кагаздардын мөөнөтүн 7 календардык күндөн 180 календардык күнгө чейин узартты. Жаңы эрежелер күчүнө кирди.

Улуттук банк мамлекеттик баалуу кагаздарын эсепке алуу мөөнөтүн 7 күндөн 180 күнгө чейин узартты
Сүрөт: Banks.kg

Улуттук банк 2026-жылдын 20-ноябрында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Токтом жөнгө салууну өркүндөтүү жана коммерциялык банктардын ликвиддүүлүктү башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында кабыл алынды. 

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунда коммерциялык банктардын ликвиддүүлүктү башкаруу ийкемдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле минкаб тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздардын жүгүртүү мөөнөтүн 7 күндөн 180 календардык күнгө чейин узартуу сунушталган. Мындай мамлекеттик баалуу кагаздардын мөөнөтүн узартуу ченемдик коэффициенттерди эсептөөдө эске алынуучу активдердин чөйрөсүн кеңейтип, аталган банктардын ликвиддүүлүктү башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртат.

Буга байланыштуу, 2026-жылдын 20-ноябрында Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобого жана «Регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобого өзгөртүү киргизилип, «жети» деген сөздөр «жүз сексен» деген сөздөргө алмаштырылды. 

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Документ менен бул шилтемени басып таанышууга мүмкүн. 

Аталган токтом долбоору коомдук талкууга 2026-жылдын 6-ноябрында чыгарылган болчу. 

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.