Бул тууралуу Эмгек министрлиги кабарлады.
2026-жылдын I кварталында инспекторлор тарабынан 289 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 500 мыйзам бузуу аныкталды. Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча 105 эскертме жазуу берилди.
Ошондой эле өндүрүштөгү 33 кырсык иликтенип, мыйзам бузуулар үчүн жалпы суммасы 1,9 млн сом айып пул салынды.
Кызматка жарандардан 646 кайрылуу келип түшүп, алардын ар бири боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле жарандарга жана иш берүүчүлөргө эмгек мыйзамдарын колдонуу боюнча 1,6 миң оозеки консультация берилди.
Эмгек министрлиги белгилегендей, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек мыйзамдарын бузуу фактыларынын жана өндүрүштөгү кырсыктардын саны азайган.
Эске салсак, буга чейин Banks.kg порталына Орусиядагы кыргызстандыктарга миллиондогон рубль эмгек акылары өндүрүлүп берилгени тууралуу кабарланган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.