Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстандыктардын пенсиялык топтоо каражаттары кайда жумшалат?

2026-жылдын январь-июнь айларында Социалдык фонд Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддон (МТПФ) 11 млрд 253,2 млн сом каражат инвестициялаган. Алар каякка жумшалган?

Кыргызстандыктардын пенсиялык топтоо каражаттары кайда жумшалат?
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты. 

Каражаттын негизги бөлүгү 8 млрд 753,2 млн сом, жылдык кирешелүүлүгү 12,86%дан 16%га чейинки мамлекеттик баалуу кагаздарга салынган.

Дагы 2,5 млрд сом коммерциялык банктардагы депозиттерге жылдык 11,3–14,3%дык чен менен 12 жана 18 айлык мөөнөткө жайгаштырылды.

Алты айдын ичинде мурда салынган каражаттар фондго 3 млрд 609,5 млн сом киреше алып келди.

Бул сумманын ичинен 3 млрд 57,1 млн сом мамлекеттик баалуу кагаздардан, 356,5 миллион сом - депозиттер боюнча пайыздардан жана 185,9 миллион сом акциялар боюнча дивиденддерден түшкөн, ал эми дагы 10 миллион сом фонддун эсептериндеги каражаттардын калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн.

Эске салсак, буга чейин Социалдык фонд 2026-жылдын январь-май айларында Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарын инвестициялоонун жыйынтыгын чыгарды.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.