Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстандыктар пенсиялык топтоолорун каякка жумшашты

Социалдык фонд 2026-жылдын январь-май айларында Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарын инвестициялоонун жыйынтыгын чыгарды.

Кыргызстандыктар пенсиялык топтоолорун каякка жумшашты
Иллюстрациялык сүрөт

Беш ай аралыгында бардыгы болуп 9,46 млрд сом инвестицияланды. Каражаттын негизги бөлүгү Мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) тагыраагы, 7,76 млрд сом жайгаштырылды жылдык кирешелүүлүгү 16% чегинде. Ал эми коммерциялык банктардын депозиттерине 1,7 млрд сом багытталган, жылдык кирешелүүлүгү 11,3-14,3%.

Январь-май айларында жалпысынан 3,2 млрд сом киреше алынды. Анын ичинен:

  • мамлекеттик баалуу кагаздар – 2,53 млрд сом;
  • депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 293,3 млн сом;
  • акциялар боюнча дивиденддер – 185,9 млн сом;
  • эсептердеги калдыктардан түшкөн пайыздар – 9,2 млн сом.

Социалдык фонд инвестиция жарандарга пенсиялык топтоолорун сактоого жана көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.