Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстанда бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына берилүүчү жөлөк пулду кимдер алат

Кыргызстанда бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына берилүүчү жөлөк пулду 29 миңге жакын адам алат. Мамлекеттен жардамды үчүнчү жана андан кийинки 3 жашка чейинки балдарга ала алышат.

Кыргызстанда бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына берилүүчү жөлөк пулду кимдер алат
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. 

2026-жылдын 1-майына карата республика боюнча «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ай сайын берилүүчү жөлөк пулунун алуучуларынын жалпы саны 28 538 адамды түздү.

Аталган жөлөк пул бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда, ошондой эле өзгөчө макамга ээ айрым чек арага жакын калктуу конуштарда жашаган жарандарды, үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоо максатында дайындалат.

Жөлөк пул дайындоодо үй-бүлөнүн кирешеси жана социалдык-экономикалык абалы эске алынбайт.

Жөлөк пулдун көлөмү айына 3 000 сомду түзөт. 

Жөлөк пул алуу үчүн жарандар жашаган жери боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарына кайрылуусу зарыл. «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» Ай сайын берилүүчү жөлөк пулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобо менен шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.