Ата-энелер жана окуучулар кийим-кече, мектепке керектүү негизги буюмдар жана сабак окуу үчүн эмеректерди көбүрөөк тандашкан.
Кыргызстандагы сатуу жыйынтыктары
Окуу материалдары: китеп коюучу текчелер (+31%), дептерлер (+66%), бирок күндөлүктөргө суроо-талап төмөндөдү (–17%).
Кеңсе буюмдары: ишенимдүү өсүүнү — учтагыч (+46%), клей-карандаштар (+126%), циркулдар (+39%); ал эми маркерлер (–24%) жана стикерлер (–27%) төмөндөп кетти.
Кийим жана бут кийим: кыздар үчүн товарларга суроо-талап 46%га, балдар үчүн 43%га жогорулады.
Аксессуарлар: бантиктерге дээрлик эки эсеге көбөйдү (+93%), бирок рюкзактар (–5%), галстуктар (–11%) жана банттар (–17%) азайды.
Башкасы: жазуу отургучтары (+108%) жана стол лампалары (+91%) өсүштүн лидери болду. Микроскоптор болсо –45% га төмөндөдү.
Кыргыз сатуучуларынын ийгиликтери
Жергиликтүү ишкерлер орточо рыноктон жогору динамика көрсөтүштү:
- Кийим жана бут кийим башкы драйвер болдк: сатуулар 2–2,5 эсеге өстү (кыздар үчүн +103%, балдар үчүн +153%).
- Аксессуарлар: рюкзактар (+85%) жана бут кийим каптары (+106%) туруктуу өсүш камсыздады.
- Кеңсе буюмдары: чыныгы өсүү сызгычтардан (+1574%) жана циркулдардан (+1900%) болду. Жогорку көрсөткүчтөрдү окуу китептери (+1000%), өчүргүчтөр (+559%), маркерлер (+287%), карандаштар (+121%) жана калемдер (+108%) да көрсөттү.
Эң жогорку өсүү боюнча топ-10 позициялар:
- Циркулдар — +1900%;
- Сызгычтар — +1574%;
- Окуу китептери — +1000%;
- Өчүргүчтөр — +559%;
- Маркерлер — +287%;
- Карандаштар — +121%;
- Калемдер — +108%;
- Бут кийим каптары — +106%;
- Рюкзактар — +85%;
- Банттар — +14%.
2025-жылы Кыргызстандагы мектеп базары туруктуу өсүү көрсөттү. Ата-энелер ыңгайлуулукту камсыз кылган товарларды — кийим, бут кийим, окуу буюмдары жана эмеректерди артык көрүштү. Кыргыз сатуучулар сатып алуучулардын муктаждыктарына тез ыңгайлашып, негизги сегменттерде рекорддук өсүшкө жетишти.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.