Жолугушуунун жүрүшүндө Орусиядагы кампаларда жабыркаган товарлар үчүн компенсация төлөө, логистикалык процесстерди калыбына келтирүү, сатуучуларды колдоо, ошондой эле Кыргызстанда электрондук коммерцияны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Мындай кайрылууларды ыкчам кароо үчүн компания тармактык ассоциациялардын өкүлдөрү менен биргеликте координациялык штаб түздү. Анын негизги милдеттери түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жабыр тарткан сатуучулар менен даректүү иш алып баруу, компенсациялар, төлөмдөр, сакталып калган товарларды алып чыгуу боюнча маселелерди коштоо, ошондой эле башка келип чыккан маселелерди чечүү болуп саналат.
Экономика министрлиги ата мекендик ишкерлерди, анын ичинде тигүү тармагындагы ишканаларды колдоо боюнча кошумча мамлекеттик чараларды иштеп чыгууда. Бул чаралар финансылык жүктү азайтууга, өндүрүштүк потенциалды, жумуш орундарын жана экспорттук жигердүүлүктү сактоого багытталган.
Компаниянын өкүлдөрү жабыр тарткан сатуучуларга алгачкы жарым-жартылай компенсациялык төлөмдөр жүргүзүлө баштаганын билдиришти. Зыяндын көлөмү толук баалангандан кийин компенсацияларды эсептөө механизми жана мындан аркы аракеттердин тартиби сунушталат.
Wildberries компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандын рыногу компания үчүн артыкчылыктуу рыноктордун бири бойдон каларын жана компания өлкөдө ишин кадимки тартипте улантып жатканын белгилешти. Бардык бизнес-процесстер үзгүлтүксүз иштеп жатат.
Жолугушууда жаңы шарттарда логистикалык процесстерди уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, жүктөрдүн мамлекеттик чек ара аркылуу өтүшү, Кыргызстандагы кампалык инфраструктураны өнүктүрүү, FBS модели боюнча иш алып баруу, фулфилмент-өнөктөштөр менен кызматташуу, товарларды кампалар арасында бөлүштүрүү жана сатуучулар үчүн платформанын ишин өркүндөтүү маселелери талкууланды.
«Бул оңой болгон жок, бирок ошол эле учурда түшүнүктүү жана абдан адамгерчиликтүү диалог болду. Биз министрден жана анын кесиптештеринен колдоо сөздөрүн уктук. Эң башкысы — биргелешкен ишти улантууга жана жаралган кыйынчылыктарды чогуу жеңүүгө даяр экендигинин ырастоосун алдык. Биргелешкен аракеттердин аркасында кыйла корголгон жана диверсификацияланган жаңы бизнести кура аларыбызга ишенебиз», - деди Wildberries компаниясынын экосистема департаментинин директору Евгений Этин.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен ишти жана Wildberries, тармактык ассоциациялар менен ишкердик коомчулуктун ортосундагы туруктуу диалогду улантуу жөнүндө макулдашышты. Компания кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жана кийинки кадамдар тууралуу өнөктөштөрдү үзгүлтүксүз маалымдап турат.
Буга чейин МСК Кыргызстандагы Wildberries жана Ozon сатуучулары үчүн салык каникулу киргизилиши мүмкүн экендигин кабарлаган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.