Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстандагы Wildberries жана Ozon сатуучулары үчүн салык каникулу киргизилиши мүмкүн

МСК тигүү тармагындагы ишканалар жана Wildberries менен Ozon маркетплейстери аркылуу товар саткан ишкерлер үчүн бирдиктүү салыктын ченин убактылуу нөлгө түшүрүүнү сунуштады.

Кыргызстандагы Wildberries жана Ozon сатуучулары үчүн салык каникулу киргизилиши мүмкүн
Сүрөт: МСК

Бул чара мамлекеттик органдардын, ата мекендик тигүү тармагынын ишканаларынын жана эл аралык маркетплейстер аркылуу продукциясын саткан селлерлердин катышуусунда өткөн жумушчу жолугушуу учурунда талкууланды.

Анда эл аралык маркетплейстердин ири логистикалык борборлорунун ишиндеги үзгүлтүктөргө байланыштуу электрондук соода рыногунда түзүлгөн кырдаалдын кесепеттери талкууланды. Катышуучулар белгилегендей, жаралган жагдай маркетплейстер аркылуу продукциясын экспорттогон ата мекендик ишкерлердин ишмердүүлүгүнө олуттуу таасирин тийгизип, мамлекеттик колдоонун ыкчам чараларын көрүүнү талап кылууда.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков салыктык жүктү азайтуу жана ата мекендик бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоо максатында Салык кызматы тигүү тармагынын ишканалары үчүн учурда түшкөн кирешенин 0,25 пайызын түзгөн бирдиктүү салыктын ставкасын 2026-жылдын аягына чейин убактылуу нөлгө түшүрүүнү сунуштап жатканын белгиледи. Ушундай эле чара, анын ичинде эл аралык маркетплейстер аркылуу товарларды саткан ишкердик субъекттерине карата да сунушталууда. Алар үчүн учурда бирдиктүү салыктын ставкасы 2%ды түзөт.

Бул демилге учурдагы экономикалык шарттарда ата мекендик бизнести колдоого, жумуш орундарын сактап калууга, өндүрүштү жана экспортту стимулдаштырууга, ошондой эле электрондук коммерцияны мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.

Кеңешменин жүрүшүндө бүгүнкү күндө маркетплейстер аркылуу болжол менен 30 миңге жакын ишкердик субъекти иш алып барары жана алардын саны жыл сайын өсүп жатканы белгиленди. Сунушталып жаткан чаралар Кыргызстандын электрондук соода жүргүзүү жана ишкердикти каттоо үчүн жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Экономика жана коммерция министрлиги эл аралык маркетплейстердин логистикалык инфраструктурасындагы үзгүлтүктөрдүн кесепетинен жабыркаган ишкердик субъекттеринин санын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Жолугушууда ошондой эле тигүү тармагынын ишканалары үчүн жеңилдетилген пайызсыз насыялоо программалары күчүндө экени белгиленди. Салыктык жеңилдиктер менен катар мамлекеттик колдоонун кошумча чараларын киргизүү мүмкүнчүлүгү да каралышы мүмкүн.

Талкуунун жыйынтыгында иштелип чыккан сунуштар белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдарга андан ары кароо жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн жөнөтүлөт.

Эске салсак, Орусиядагы бир катар Wildberries логистикалык борборлоруна чабуул жасалып, анын кесепетинен каза болгондор жана жаракат алгандар болгон.

Компания буга чейин маркумдардын үй-бүлөсүнө 2 миллион рубль, абалы оор болгондорго 1 миллион рублдан кенемте төлөй турганын маалымдаган.

Көп өтпөй Экономика жана коммерция министрлиги Wildberries-Russ компаниясынын логистикалык кампаларына жасалган чабуулдан улам жабыркаган ата мекендик ишкерлердин чыгымын баалоо иштерин координациялоону баштаган.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.