Бизнес үчүн «Кепилдик фонду» ААКсы менен өз ара аракеттенүү жол-жобосу мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүлүп, банктык процесстерге интеграцияланган. Ишкер «Кепилдик фонду» ААК үчүн өзүнчө арыз тапшырышы керек, бирок бул банктын өзүндө жасалат, башкача айтканда, Фонддун кеңсесине атайын баруу зарыл эмес. Кепилдик алуу жол-жобосу өнөктөш-банк аркылуу ишке ашырылат.
Бул механизм кантип иштейт
Банкка кайрылуу
Алгач карыз алуучу Кыргызстандын банктарына кайрылат. Кредит алууга арызды «Кепилдик фонду» ААКсынын өнөктөшү болгон каржылык мекемелердин бирине тапшыруу керек. Эгерде ал жерде күрөөнүн жетишсиздиги аныкталса, анда банктар кардарлардын макулдугу менен аларды Кепилдик фондго жөнөтө алышат. Ишкер өнөктөш банкка кредит алууга арыз берет жана долбоор боюнча керектүү документтерди тапшырат.
Банк долбоорду карап чыгат
Банк карыз алуучунун финансылык абалын талдап, долбоорду баалайт. Эгерде өзүнүн күрөөсү жетишсиз болсо, банк «Кепилдик фонду» ААКсынын кепилдигин кредит боюнча кошумча камсыздоо катары тартууну сунуш кылышы мүмкүн.
Кепилдик фонддо арызды кароо
Банк «Кепилдик фонду» ААКсына арызды жана кароо үчүн зарыл болгон документтердин топтомун жөнөтөт. Фонд долбоорго өзүнүн экспертизасын жүргүзүп, тобокелдиктерди баалайт жана мүмкүн болгон кепилдиктин өлчөмүн аныктайт.
Кепилдикти берүү
КФ финансы-кредиттик уюмга кабыл алынган чечеим тууралуу кабарлайт. Чечим оң болсо, кепилдик келишимин түзүү процесси башталат, ошондой эле ФКУга кредитти берүү боюнча даярдоону, каттоону жана башка жол-жоболорду жүргүзөт.
Чечим оң болгон учурда, «КФ» ААКсы кепилдик берет, ал кредиттин күрөө бөлүгүнө айланат. Андан кийин банк ишкерге насыя берет.
Көрүнүп тургандай, бардык кепилдик процесси банк аркылуу ишке ашып, ишкер үчүн колдоо алуу ыңгайлуураак болот.
«Төлөм өз убагында төлөнбөсө же насыяны төлөөдө көйгөйлөр жаралса, ФКУ кепилдик келишимине ылайык, кардардын милдеттенмелеринин бир бөлүгүн төлөө үчүн Кепилдик фондуна кайрылат. Андан ары төлөнгөн кепилдикти кайтаруу боюнча кардар менен иш жүргүзүлөт», - деп эскертишти Фонддон.
Кепилдик алуу үчүн каякка кайрылуу керек?
Кепилдик алуу үчүн Бишкек шаарындагы Кепилдик фондуна жана Кыргызстандын аймактарындагы филиалдарына кайрылсаңыз болот:
- Бишкек ш.: Чүй пр., 114, 4-кабат, 408-бөлмө. Байланыш номери: 7500, 0312 66 49 60, 0312 62 53 79;
- Каракол ш.: Гагарин көч., 20. Байланыш номери: 0550 053 922, 0706 379 006;
- Нарын ш.: Ленин көч., 76. Байланыш номери: 0550 043 522, 0706 887 776;
- Талас ш: Бердике баатыр көч., 287. Байланыш номери: 0550 053 422, 0704 239 676;
- Ош ш.: Ленин көч., 323, 67 кабинет. Байланыш номери: 0551 551 561, 0555 503 222;
- Манас ш.: Абдрахманов көч., 10, 4-бөлмө. Байланыш номери: 0550 053 722, 0501 099 500;
- Баткен ш.: Нургазиев көч., 26. Байланыш номери: 0550 053 622, 0773 714 617.
#GMW2026KG
#GMW2026
#GlobalMoneyWeek2026
#SmartMoneyTalks

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.