usd
87.38 / 87.800.00 / 0.00
Кыргызстандыктар пенсиялык топтоолорун турак жайды ипотекага алуу же үлүштүк курулушка катышуу үчүн колдоно алышат.

Соцфонддон билдиришкендей, бул мүмкүнчүлүктү (жолдошу/же жубайынын) жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндөгү каражатынын суммасы 50 миң сомдон ашкандар пайдалана алышат.
Ал үчүн Социалдык фонддун аймактык башкармалыгынан жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнөн көчүрмө алуу керек. Андан соң банкка же курулуш компаниясына кайрылып, тастыктоочу кат алуу керек.
Булардан соң Соцфонддун аймактык башкармалыгына документтер топтомун тапшырууга болот.
Ипотека үчүн төмөнкү документтер керектелет:
Эске салсак, буга чейин биздин портал МИК ипотекасын кантип алуу керектиги тууралуу маалымат жарыялаган.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.