Толтурулбаган чайнек
Эгер бир чыны чай ичсеңиз, чайнекке ошончо гана суу куюңуз. Ошондой эле чайнектеги кеберди анда-санда эмес, үзгүлтүксүз тазалап туруңуз. Кебер жылуулук өткөрүмдүүлүгүн төмөндөтүп, суунун узагыраак кайноосуна жана электр энергиясынын көбүрөөк сарпталышына алып келет.
Бир күндү чыгымсыз өткөрүү
Дайыма бир нерсе сатып алуу адаты бир гана соода кылууну жакшы көргөн адамдарга эмес, керектөөчүлөрдүн көпчүлүгүнө мүнөздүү. Аптасына бир күндү дүкөн, кафе, кинотеатрга барбай жана эч кандай чыгым кылбай өткөрүп көрүңүз. Бул анчалык деле кыйын эмес, ал эми үнөмдөлгөн акчаны чогултуп койсоңуз болот.
Кассадан алыстабай текшерүү
«Адамдык факторду» эч ким жокко чыгарган эмес. Бул кассир сизди алдап коюшу мүмкүн дегендик эмес, жөн гана техникалык каталар жана жабдуулардын ишиндеги мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн. Мындай жагдайлар бюджетиңизге олуттуу зыян келтириши ыктымал. Ал эми талаштуу маселелерди кассалык чек боюнча кассадан алыстабай туруп чечкениңиз оң.
Төмөнкү текчелерден жана кийимди мезгилден тышкары сатып алыңыз
Товарларды үстүңкү жана астыңкы текчелерден да карап көрүңүз. Маркетингдин мыйзамдарына ылайык, көзүңүздүн деңгээлиндеги текчелерге эң кымбат товарлар жана азык-түлүктөр жайгаштырылат. Үстүңкү жана астыңкы текчелердеги товарлардын түрү азыраак болушу мүмкүн, бирок алардын баасы кыйла төмөн.
Кийимдерди да арзандатуу учурунда сатып алган оң. Жайында жайкы кийимдерди, кышында кышкы кийимдерди сатып албаганга аракет кылыңыз. Бул мезгилдерде баалар эң жогору болот, ал эми мезгил алмашкан учурда акциялар жана арзандатуулар аркылуу кийимдерди кыйла арзан сатып алууга болот.
Үйдөн тамактаныңыз
Кээде өзүңүздү кафеде же ресторанда тамактануу менен кубантып, үйгө тамак буюртма берсеңиз, албетте, болот. Бирок тамакты үйдөн өзүңүз даярдаганыңыз алда канча пайдалуу. Кафедеги каалаган тамак үйдө даярдалган ушундай эле тамакка караганда 50–100% кымбатка түшөт.
Башкалардан жакшыраак көрүнүүгө аракет кылбаңыз
Баарынан мыкты болууга умтулуу үчүн бир топ акча сарпталат. Эгер сизде да ушундай адат болсо, андан мүмкүн болушунча тезирээк арылыңыз. Кезектеги кымбат смартфон же жаңы унаа менен мактангандан көрө, кыймылсыз мүлк сатып алууга акча топтоңуз.
Дүңүнөн сатып алыңыз!
Кайсы азык-түлүктөрдү көп өлчөмдө колдоноруңузду талдап көрүңүз. Жалаякпы? Сүтпү? Момпосуйбу? Самынбы? Анда бул товарларды дүң соода дүкөндөрүнөн сатып алыңыз - бул арзаныраак болот. Ал эми дүңүнөн сатып алуу үчүн сөзсүз эле өтө чоң көлөмдөгү товар талап кылынбайт.
Дүң соода борборуна барган болсоңуз, кошумча түрдө башка товарларды жана көпкө чейин бузулбай сакталуучу азык-түлүктөрдү да сатып алсаңыз болот. Ошентип, дагы акча үнөмдөйсүз.
Кир жуугуч машинаны «жөнү жок колдонуу»
Кир жуугуч машинаны 100% толтуруп иштетиңиз. Кийимдерди аз-аздан бөлүп жууп, өзүңүзгө эле зыян келтиресиз. Кир жуугуч машина аз же көп кийим жуулганына карабастан, электр энергиясын жана сууну дээрлик бирдей өлчөмдө сарптайт.
Жөө жүрүңүз
Эгер сизге болжол менен 2 чакырым аралыкты басып өтүү керек болсо, жөө жүрүңүз. Бул ден соолукка пайдалуу жана унаа, коомдук транспорт, айрыкча такси менен жүргөнгө караганда бюджет үчүн үнөмдүү. Бензинге кеткен чыгымыңызды азайтасыз, ал эми организмиңиз физикалык кыймылдан пайда көрөт.
Дарыкана кызматкеринен арзан дары сураңыз
Баш ооруга каршы эң жөнөкөй дары керек болсо да, сизге андан 100–200 сомго кымбат «бренддик» дарыны сунушташы толук мүмкүн. Фармацевттен эң арзан дарыны көрсөтүүнү сураныңыз. Эгер бош убактыңыз болсо, алдын ала бир нече дарыкананын бааларын салыштырып көрүңүз. Алардын ортосундагы баа айырмасы абдан чоң болушу мүмкүн.
Тамеки тартпаңыз!
Никотинге болгон көз карандылыктан арылуу оңой эмес. Бирок ден соолугуңуз жана үй-бүлөлүк бюджетиңизди үнөмдөө үчүн аракет кылуу керек. Тамекини таштоо менен айына 2 000ден 3 000 сомго чейин үнөмдөөгө болот. Бул бир жылда 24 000ден 36 000 сомго чейин акча топтоого мүмкүндүк берет!
Финансылык билим - жардамга келет
Кыргызстандын банктарынын жаңылыктарына жазылып, финансылык сабаттуулук боюнча материалдарды окуп туруңуз. Финансылык максаттарды коюуну жана мыйзамдуу жол менен акчалай пайда табууну үйрөнүңүз. Депозит ачып, акчаңызды көбөйтүңүз.
Азык-түлүктүн тизмесин түзүңүз
Дүкөнгө алдын ала түзүлгөн тизме менен баруу кадимки чыгымдардын 30%ына чейин үнөмдөөгө жардам берет. Эмне сатып алуу керектигин так билбесеңиз, «бирөөнүн баасына экөө» деген сыяктуу акцияларга азгырылып кетишиңиз мүмкүн. Бардык чыгымдарыңызды жазып жүрүңүз. Айдын аягында акчаңыздын кайда кеткенин түшүнөсүз.
Дүкөнгө балдарсыз барыңыз. Балдардын ар кандай нерселерди сатып алууга болгон каалоосу жылдык чыгымдарды кыйла көбөйтөт. Балаңыз жакшы тарбияланган болсо да, дүкөндө өзүнө жаккан нерселерди сурай баштайт. Ал эми сиз андан баш тарта албай калышыңыз толук мүмкүн.
Энергияны үнөмдөөчү лампаларды колдонуңуз!
Бул лампалар тууралуу талаш-тартыштар көп, бирок фактылар талашсыз. Энергияны үнөмдөөчү жарык берүүчү каражаттарды колдонуу жылына орточо эсеп менен 3 000 сомго чейин үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Эгер сиз бир бөлмөлүү батирде жашабасаңыз, үнөмдөлгөн акча мындан да көп болушу мүмкүн.
Акчаны кайсы жерден алмаштырбаш керек?
Эгер сизге накталай акча керек болсо, аны аэропорттон алмаштырбаңыз. Ал жакта акча алмаштыруунун курсу дайыма эле пайдалуу боло бербейт. Банкыңыздагы жана акча алмаштыруучу жайлардагы курстарды салыштырыңыз. Балким, мүмкүнчүлүк болгон жерлердин баарында банк картасы менен төлөгөн пайдалуураак болот.
Айрыкча көмүскө рынокто акча алмаштыруудан алыс болуңуз. Жабдылбаган жайларда акча алмаштыруу каракчылыкка жана алдамчылыкка туш болуу коркунучун жаратат. Ошондой эле жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирилиши мүмкүн. Анткени мындай акча алмаштыруу операцияларына кылмыштуу элементтер катышышы ыктымал.
Эскирген тетиктерди өз убагында алмаштырыңыз
Суу түтүктөрүндөгү чыпкаларды жана төшөмөлөрдү, пластик түтүктөрдү жана башка эскирүүчү тетиктерди үзгүлтүксүз алмаштырып туруу авариялардын алдын алууга жардам берет. Мисалы, жылытуу батареясы сыяктуу кымбат жабдууларды тез-тез алмаштыруунун зарылдыгын азайтат.
Өзүңүз менен көп накталай акча алып жүрбөңүз
Эгер чет өлкөгө эс алууга бара жатсаңыз, өзүңүз менен аз өлчөмдө гана накталай акча алыңыз. Ар бир өлкөдө накталай акчаны алып кирүүгө байланыштуу өзүнүн эрежелери бар. Мындан тышкары, банк карталары уурулардын көңүлүн накталай акчага караганда азыраак бурат.
Башка банктардын банкоматтарынан акча албаңыз
Дээрлик бардык банкоматтардан башка банктын картасы менен акча алганда комиссия алынат. Ал көп деле эмес, бирок бир жыл ичинде олуттуу суммага жетиши мүмкүн.
Сергек жашоо образын карманыңыз
Сергек жашоо образы - туура тамактануу жана активдүү кыймыл - акча үнөмдөөнүн натыйжалуу жолу. Мындан тышкары, келечекте туура эмес жашоо образынан улам пайда болгон ооруларды дарылоого көп жылдар бою акча коротуу зарылдыгынан арылууга жардам берет.
Жарым фабрикаттар - пайдалуу да, арзан да эмес
Даяр манты менен пельмен этке караганда арзаныраак көрүнүшү мүмкүн, бирок бул жаңылыш түшүнүк. Алардын курамындагы фаршка кеминде 50 пайызы нан жана жумуртка кошулат. Ошол эле учурда курсакты ушундай эле деңгээлде тойгуза турган сапаттуу уй этин сатып алуу кыйла арзанга түшөт.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.