Транзакция салыгы: кимге тийиштүү жана кандай эрежелер бар

Кыргызстанда Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, «транзакцияга салык» атайын салык режими иштейт. Banks.kg редакциясына Мамлекеттик салык кызматы анын чоо-жайын айтып берди.

Транзакция салыгы: кимге тийиштүү жана кандай эрежелер бар

- «Транзакцияга салык» атайын салык режимин киргизүүнүн негизги максаты эмнеде?

- Бул салык күчүндө, КРнын Салык кодексине өзгөртүүлөр 2025-жылдын 31-июлундагы №185 Мыйзамы менен кабыл алынган.

- «Транзакциялык ишмердүүлүк» түшүнүгүнө ишмердүүлүктүн кайсы түрлөрү кирет?

 - Транзакцияга чет өлкөлүк банктын эсебинен түшкөн акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын банкында ачылган салык төлөөчүнүн эсеби аркылуу чет өлкөлүк банктын эсебине кайра жөнөтүү эсептелет.

- Банктарга салык агенти катары кандай конкреттүү милдеттер жүктөлгөн? 

- Банктарда транзакция салыгын төлөөчүлөрдүн эсептери ачылган болсо, банктарга транзакция салыгын төлөөчүнүн эсебине акча каражаттарын чегерүүдө салык агенти катары салыкты кармап калуу милдеттери жүктөлөт. 

Салык салуу объектиси болуп Кыргыз Республикасынын банкында ачылган эсепке акча каражаттарын чегерүү боюнча операция таанылат, ал транзакциянын алкагында ишке ашырылат. Чет мамлекеттин банкы аркылуу жүргүзүлгөн транзакцияларга салынуучу салыктын чени 0,2%дан 0,1%га чейин төмөндөтүлдү.

- Транзакция салыгын колдонууда башка ишмердүүлүктү жүзөгө ашыргандыгы үчүн кандай жоопкерчилик каралган? 

- Транзакцияны жүзөгө ашыруучу субъекттер «транзакция салыгы» атайын салык режимин гана колдонууга укуктуу жана бул режимди колдонуунун алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында башка ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга тыюу салынат.

Атайын салык режиминин алкагында төмөнкүлөргө тыюу салынат: 

  • Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды сатууну, жумуштарды аткарууну же кызматтарды көрсөтүүнү жүзөгө ашырууга;
  • Чет өлкөлүк субъекттердин ортосунда акча каражаттарын кайра багыттоо менен байланышпаган операцияларды жүзөгө ашырууга.

Транзакция салыгынын атайын салык режиминин шарттарына жооп бербеген операцияларды жүргүзүү, мындай бузуу болгон айдын биринчи күнүнөн баштап көрсөтүлгөн режимди колдонуу укугунан ажыратууга алып келет. 

Атайын салык режимин колдонуу укугунан ажыраган учурда, субъект мындай укуктан ажыраган учурдан тартып келип чыккан салыктык милдеттенмелерди эске алуу менен жалпы салык режимине ылайык салык салынууга тийиш.

- Банктардын салыкты башкаруудагы каталары үчүн жоопкерчилик каралганбы?

- Салык агентинин милдеттенмелерин аткаруу максатында, ыйгарым укуктуу салык органы банктар менен транзакцияга салык төлөөчүлөр жөнүндө маалымат алмашат. 

Салыкты башкаруу салык кызматынын органдары тарабынан ишке ашырылат.

- 2026-жылдын 1-февралына чейин арыз берүүгө үлгүрбөй калган салык төлөөчүлөр эмне болот?

 - 2026-жылдын 1-февралына чейин арыз берүүгө үлгүрбөй калган салык төлөөчүлөр арызды ушул ай ичи бере алышат. Салыктын бул түрү боюнча субъектти каттоо арыз берилген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн баштап жүргүзүлөт.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.