Экономика жана коммерция министрлиги салыктык каттоону жана салыктык администрациялоонун айрым маселелерин жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзам чегиндеги актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Документ министрлер кабинетинин Салык кодексинин нормаларын аткаруу үчүн кабыл алынган 2022-жылдын 4-мартындагы №106 жана 2024-жылы 4-июлдагы №363 токтомуна тиешелүү.
Долбоордун максаты
Долбоордун негизги максаты – салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндөгү Жобону Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы №243 мыйзамы менен киргизилген Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү.
Ошондой эле төмөнкүлөр болжолдонууда:
- салыктык каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу жол-жоболорун оптималдаштыруу;
- ашыкча административдик жол-жоболорду жана талап кылынган документтердин тизмесин кыскартуу;
- салыктык процесстерди андан ары санариптештирүү үчүн шарттарды түзүү.
Негизги жаңылануулар
Токтом долбоорундагы негизги өзгөртүүлөрдүн арасында:
Патент менен автоматтык түрдө каттоо. Патенттик салык салуу тутумун колдонгон салык төлөөчүлөрдү каттоо электрондук патентти сатып алууда автоматтык түрдө ишке ашырылат. Бул административдик жүктү азайтып, патентти алууну тездетет.
Чет өлкөлүк уюмдар жана транзакция салыгы. Кыргызстанда мамлекеттик каттоодон өтпөстөн банктык эсептерди ачкан чет өлкөлүк компаниялар транзакция салыгын төлөөчүлөр катары таанылып, салыктык каттоодон өтүүгө тийиш. Мында банктар бул салык боюнча салык агенттеринин статусуна ээ болушат.
Чет өлкөлүк жарандарды каттоо. Чет өлкөлүк жарандар жеке ишкер катары негизинен патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишмердүүлүктүн негизинде каттала алышат. Башка салык режимдерине өтүү өлкөдө мыйзамдуу түрдө бир жылдан кем эмес мөөнөткө жүргөнү тууралуу документ болгондо мүмкүн болот.
Идентификациялык номур түзүмүндөгү өзгөрүүлөр. Салык төлөөчүнүн идентификациялык номерине кошумча белгилер киргизилет. Атап айтканда, «8» коду Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок, эсептерди транзакциялар үчүн гана ачкан чет өлкөлүк уюмдар үчүн колдонулат.
Эл аралык которууларды көзөмөлдөөнү күчөтүү
Долбоор ошондой эле эл аралык финансылык операциялардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана салык төлөөдөн качууга каршы күрөшүүгө багытталган. Салык органдарынын чет өлкөлүк компаниялардын дарегине которуулар жөнүндө маалыматты суроо боюнча ыйгарым укуктары такталууда, анын ичинде юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар боюнча маалыматтар - ишкердик ишмердүүлүктүн чегинде гана жана банктык сырдын талаптарын сактоо менен ишке ашат.
Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөлүк уюмдардан алган кирешелерине өзгөчө көңүл бурулат - фриланс, онлайн-кызматтар, логистика, санариптик платформалар жана маркетплейстер чөйрөсүндө, алар көп учурда декларацияланбай калат.
Банктар менен маалымат алмашуу
Транзакция салыгын башкаруунун алкагында, салык органдары менен банктардын ортосунда маалымат алмашуунун атайын сервисин киргизүү долбоордо каралган. Бул каржы институттарына эл аралык которуулардын катышуучуларынын салыктык каттоосун текшерүүгө жана салык агенттеринин функцияларын туура аткарууга мүмкүндүк берет.
Иштеп чыгуучулардын пикиринде, токтомду кабыл алуу эсептешүүлөрдүн ачыктыгын жогорулатууга, көмүскө экономиканы кыскартууга, бизнести жүргүзүү үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууга жана Кыргыз Республикасында салыктык тартипти чыңдоого мүмкүндүк берет.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.