Банк жөнүндө
Бишкектеги Пакистан Улуттук Банкынын филиалы 2000-жылы калкка кызмат көрсөтүү үчүн негизделген. Жылдар бою банк өзүнүн ишенимдүүлүгүн көрсөтүп, калктын ишенимин утуп алды, бул дайыма өсүп жаткан кардарлардын саны менен тастыкталат.
Өзүнүн ички жана чет өлкөдөгү кызыкчылык банкалары менен НБП коммерциялык банк кызматтарын, анын ичинде корпоративдик кредит берүү, активдерди башкаруу, лизинг, чет валютасы менен операциялар, дүйнө боюнча акча которуулар, андеррайтинг, баалуу кагаздарды жайгаштыруу, брокердик операциялар, кардардын буйругу боюнча финансылык инструменттерди сатып алуу жана сатуу, инвестициялар боюнча кеңеш берүү жана башка ушуга окшош кызматтарды сунуштайт. Банк өз кызматтарын жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле мамлекеттик органга көрсөтөт. НБП иш жүргүзгөн өлкөдө калкты финансылык жактан камтууга жардам берүүгө, жумушту камсыз кылуу үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, жогорку социалдык жоопкерчиликти аныктоого жана ишке ашырууга умтулат.
Бишкектеги Пакистан Улуттук Банкынын филиалынын уставдык капиталы 2023-жылдын май айында - 625 300 миң сом.
Башкы кеңсе: Бишкек ш., Московская көчөсү, 84
Байланыштар
(0-312) 62-47-21
(0-312) 62-47-23
WhatsUpp: (0-555) 62-47-21
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.