DemirBank 36 айга чейин пайда алып келүүчү пайыздык ставкалар менен керектүү күндөргө карата каражаттарды жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү менен «Стандарт» убактылуу депозитин пайдаланууну сунуштайт.
Аманаттын мөөнөтү: 36 айга чейин.
Аманаттын валютасы: сом, АКШ доллары, Россия рубли.
Аманаттын минималдуу суммасы: чектөөсүз.
Аманатты толуктоо жана жарым-жартылай алуу: каралган эмес.
Пайыздарды төлөө: ай сайын же мөөнөтүнүн аягында.
Пайыздарды капиталдаштыруу: каралган эмес.
Эсептелген пайыздар менен же аларсыз депозитти автоматтык түрдө узартууну тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Пролонгация банк тарабынан пролонгация жүргүзүлгөн күнгө карата белгиленген сый акынын чени боюнча ишке ашырылат.
Банктын кеңселерине барбастан, Интернет-банкинг системасынын «толук режиминде» мөөнөтүнүн аягында пайыздарды төлөө шарты менен депозитти ачуу же жабуу мүмкүнчүлүгү каралган.