Bakai Bank - S&P Global CSA эл аралык скорингинин жыйынтыгы боюнча туруктуу өнүгүү багытында дүйнөлүк банк секторунун лидерлеринин катарында

2025-жылдын 15-августунда Bakai Bank биринчи жолу эл аралык рейтингдик агенттик S&P Global тарабынан жүргүзүлгөн корпоративдик туруктуулукту баалоого (CSA) катышып, өз баасын алды.

Bakai Bank - S&P Global CSA эл аралык скорингинин жыйынтыгы боюнча туруктуу өнүгүү багытында дүйнөлүк банк секторунун лидерлеринин катарында

Бул скорингде дүйнөнүн алдыңкы банктары жана башка тармактагы ири компаниялар катышып, жыл сайын бизнес менен корпоративдик ESG-практикалардын туруктуу өнүгүү деңгээли бааланат.

S&P Global CSA скорингинин жыйынтыгында Bakai Bank 57 упай алды. Бул көрсөткүч дүйнөлүк банк секторунун орточо баасы болгон 35 упайдан кыйла жогору.

Скорингдин алкагында Bakai Bank дүйнөлүк банк уюмдарынын алдыңкы тобуна (85-процентиль) кирип, Борбордук Азиядагы туруктуу өнүгүү жаатындагы алдыңкы банктардын бири болуп калды.

S&P Global CSA эл аралык скорингинде күчтүү дебюттук көрсөткүчкө жетишүү Bakai Bank’тын туруктуу өнүгүү принциптерин бизнес-процесстерге интеграциялоого жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын эске алуу менен жоопкерчиликтүү банк ишмердигин жүргүзүүгө болгон туруктуу умтулуусун чагылдырат.

Маанилүү: Материал жарнама катары жарыяланган.
Мазмун толугу менен кардар тарабынан түзүлгөн жана Banks.kg редакциясынын пикирин чагылдырбашы мүмкүн. Маалыматтар маалыматтык максатта гана берилет. Жарнамалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жарнама берүүчүлөр гана жооптуу.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.