Жыл башынан бери Banks.kg аркылуу Кыргызстандын банктарына 30 миңден ашык арыздар жиберилген

Банктардын кызматтарын салыштырып, насыя алууга арыз берүү бөлүмдөргө барбастан - Banks.kg маалыматтык порталы аркылу жасоого мүмкүн. Эмне үчүн колдонуучулар биздин кызматты тандашууда?

Жыл башынан бери Banks.kg аркылуу Кыргызстандын банктарына 30 миңден ашык арыздар жиберилген

Banks.kg кантип иштейт

2026-жылдын башынан бери Кыргызстандын банктарына Banks.kg маалымат порталы аркылуу 30 000 арыз түшкөн. Бул колдонуучулардын каржы өнүмдөрүн издөө жана тандоодо бул онлайн-куралды көбүрөөк тандап жатканын көрсөтөт.

Banks.kg сайтында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан каттоодон өткөн жана ар кандай операцияларды жүргүзүүгө лицензиясы бар бардык коммерциялык банктардын маалымат базасы бар. Учурда 24 банк бар, алардын көбү көптөн бери иштеп келе жатат жана кызматтардын толук спектрин сунуштайт.

Ошону менен катар эле платформада жаңы банктар тууралуу да маалыматтар камтылган – «Алма Финанс Банк», «Берекет Банк» и «Асман Банк». Алар тууралуу редакция акырындык менен колдонуучулар багыт алуусу үчүн маалыматтарды топтоп жатат. Азырынча аталган уюмдар калкка көрсөтүүчү кызматтарын жарыялаша элек. 

Колдонуучуларга кандай мүмкүнчүлүктөр жеткиликтүү

Banks.kg – бул банк дагы кредиттик дагы уюм эмес, маалыматтык  платформа. Бул жерде ар кайсы каржы мекемелеринин өндүрүмдөрү тууралуу маалыматар камтылган: кредиттер, аманаттар, банктык карталар, валюталар курсу  жана акча которуу системалары.

Өндүрүм карталарындагы маалыматтар редакция тарабынан актуалдуулугу көзөмөлдөнүп, анда шарттардын өзгөрүшү жана банктардан алынган маалыматтарга көз салынат.

Кызматтын колдонуучулар үчүн негизги баалуулугу сунуштарды изилдеп гана койбостон, суроо-талапты дароо тапшыруу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Бүгүнкү күндө колдонуучулар насыяга, депозитке же банк картасына байланыштуу кайрыла алышат.

Өтунмө жиберилгенден кийин банктардын же микрокредиттик уюмдардын өкүлдөрү кардар менен байланышып, шарттарды сунуштап, кеңеш беришет.

Арызды кантип берүү керек

Процесс мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүлгөн. Насыяга кайрылуу үчүн колдонуучулар белгилүү бир продукт баракчасында форманы толтурушат же Кыргызстандын бардык банктарына универсалдуу онлайн-арыз бере алышат.

Адатта, сизден негизги маалыматтарды: толук аты-жөнү, телефон номери, электрондук почта дареги жана насыянын чоо-жайы - суммасы, валютасы, мөөнөтү жана насыянын максаты талап кылынат. Маалыматтарды иштетүүгө жана үчүнчү жактарга берүүгө макулдук берүү милдеттүү.

Депозитке арыз да ушундай жол менен толтурулат: толук аты-жөнү, байланыш маалыматары, сумма, валютасы жана депозиттин каалаган мөөнөтүн көрсөтүү. Бул банктарга ылайыктуу сунушту тез табууга жардам берет.

Ошондой эле банк картасы боюнча да кайрылууга болот — бул шарттар менен алдын ала таанышууну жана банкка барбастан кеңеш алууну каалагандар үчүн ыңгайлуу курал.

Бул эмне үчүн ыңгайлуу

Эскерте кетсек, Banks.kg түз каржылык кызматтарды көрсөтпөйт жана насыя бербейт. Анын максаты – тандоону жөнөкөйлөтүү жана колдонуучулардын убактысын үнөмдөө.

Ар бир банкка өзүнчө кайрылуунун ордуна, бир эле арыз берип, бир нече сунуштарды алууга мүмкүн. Бул шарттарды салыштырып, эң жакшы вариантты тандоого мүмкүндүк берет. 

#GMW2026KG 

#GMW2026 

#GlobalMoneyWeek2026 

#SmartMoneyTalks 

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.