Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Финансы министрлигине караштуу долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн адиси Адилет Акматов билдирди.
«Буга чейин жеңилдетилген насыянын жылдык үстөк пайызы 8% болчу. Министрлер кабинетинин тескемесине өзгөртүү киргизилгенден кийин ал 6%га чейин төмөндөтүлдү», - деди ал.
Акматовдун айтымында, насыянын эң жогорку суммасы 1 млн сомду түзөт, ал эми мөөнөтү 5 жылга чейин берилет. Каржылоону «АБанк», «Бакай Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу алууга болот.
«Насыяны алуу үчүн үй ээси алгач жылытуу жабдууларын жеткирүүчү компанияга кайрылышы керек. Адистер үйдү көрүп чыгып, керектүү кубаттуулукту эсептеп, чыгымдардын сметасын даярдашат. Андан кийин документтерди өнөктөш банктардын бирине тапшырууга болот», - деп түшүндүрдү Финансы министрлигинин өкүлү.
Июль айынын башына карата аталган программанын алкагында жалпы суммасы 11,49 млн сомду түзгөн 11 жеңилдетилген насыя берилген.
Долбоор «Абанын сапатын жакшыртуу» программасынын алкагында ишке ашырылып жатат. Азырынча ал кыш мезгилиндеги ыш көйгөйү өзгөчө курч болгон Бишкек шаарына жана ага чектеш аймактарга гана тиешелүү.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.