Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Жети дыйкан кантип жеңилдетилген насыяны ийгиликтүү агробизнеске айландырды

Сокулук районунда «Жарык ынтымак» айыл чарба кооперативи жеңилдетилген каржылоо аркылуу агробизнести өнүктүрүүгө олуттуу көмөк көрсөтүүдө.

Жети дыйкан кантип жеңилдетилген насыяны ийгиликтүү агробизнеске айландырды
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. 

«Элдик Банкы» аркылуу алынган 6% насыянын арты менен тамчылатып сугаруу системасы киргизилип, заманбап айыл чарба техникалары сатылып алынып, жабдуулар жаңыртылган.

Аталган кооператив 2019-жылы негизделген. Учурда анын курамында 7 мүчө бар. Кооператив жалпысынан 600 гектардан ашуун жерди иштетет. Министрликтен ижарага алган айдоо аянтында болгар калемпири, жүгөрү, пияз жана башка айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлөт. 

Быйыл кооперативде болгар калемпиринен гектарынан 20 тоннадан ашык түшүм алуу күтүлүүдө. 

Бул көрсөткүч заманбап агротехнологияларды колдонуу, сапаттуу үрөндөрдү пайдалануу жана тамчылатып сугаруу системасын киргизүүнүн натыйжасы болуп саналат. 

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.