Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Жалган эсеп-фактура айып пул жана кылмыш жоопкерчилигине алып келет

Мамлекеттик салык кызматы салык мыйзамдарына ылайык, эсеп-фактура милдеттүү баштапкы эсепке алуу жана салык документи экенин эскертет.

Жалган эсеп-фактура айып пул жана кылмыш жоопкерчилигине алып келет
Иллюстрациялык сүрөт

Ал товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызмат көрсөтүүдө таризделет. 

Аталган кызматтан белгилешкендей, эсеп-фактура чарбалык операциянын иш жүзүндө болгонун тастыктаган негизги документ болуп эсептелет жана кошумча нарк салыгын (КНС) эсептөө жана чегерүү үчүн негиз болуп саналат.

Бул документ төмөнкү негизги функцияларды аткарат:

  • КНСтин суммаларын туура эсептөөнү жана мыйзамдуу чегерүүнү камсыздоо;
  • келишимдин болгонун тастыктоо;
  • ачык-айкын салык базасын камсыз кылуу;
  • ички эсепке алууну туура жүргүзүүгө шарт түзүү.

Эсеп-фактураны тариздөөдө төмөнкү маалыматтар милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү керек:

  • сатуучунун жана сатып алуучунун реквизиттери;
  • товарлардын, жумуш жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы;
  • келишимдин жалпы суммасы;
  • кошумча нарк салыгынын суммасы.

Кыргызстанда эсеп-фактура esf.salyk.kg сайтындагы Салык кызматынын маалыматтык системасы аркылуу электрондук түрдө гана таризделет.

Мындан тышкары, салык кызматы жасалма эсеп-фактураларды колдонууга жол берилбей турганын эске салды. Мындай эсеп-фактуралар чарбалык операция иш жүзүндө жүргүзүлбөстөн таризделет жана товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн реалдуу кыймылы менен коштолбойт.

Мындай аракеттер төмөнкүлөргө багытталган:

  • салык милдеттенмелерин мыйзамсыз азайтуу;
  • КНС боюнча негизсиз чегерүү алуу.

МСК белгилегендей, мындай аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналат жана жоопкерчилик чараларына алып келет, анын ичинде салыктарды кошумча эсептөө, айып пул санкцияларын колдонуу, туумдарды эсептөө, ошондой эле кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу каралган.

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү ишмердүүлүктү ак ниеттүү жүргүзүүгө, чыныгы чарбалык операцияларды гана тариздөөгө жана документтерди туура алып барууга чакырат.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.