Ага ылайык, шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылып, өзүн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар алдоо жана ишенимге кирүү жолу менен Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алышканын билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн издөө иш-чаралардын жүрүшүндө кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шектүү катары 20 жаштагы М.А. аттуу жигит кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы эскертет, эгерде белгисиз адамдар өздөрүн мамлекеттик же күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катары тааныштырып, ар кандай шылтоолор менен сизден мүлкүңүздү, акча каражатыңызды өткөрүп берүүнү талап кылышса, дароо ички иштер органдарына же 102 кызматына кайрылыңыз.
Буга чейин маалымдалгандай, Кыргызстанда алдамчылык учурларынын саны тездик менен өсүүдө. Мындай алдамчылыктын курмандыктары көбүнчө аялдар жана улгайган жарандар болууда.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.