Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Бишкектик айым алдамчылардын айынан батирсиз калды

Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан батирди мыйзамсыз ээлеп алып, кийин аны үчүнчү жактарга сатууга шектелген жаран кармалды.

Бишкектик айым алдамчылардын айынан батирсиз калды
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкек ШИИББнын маалыматына ылайык, милиция бөлүмүнө шаар тургуну кайрылып, К.Ж. аттуу жаранга чара көрүүсүн суранган. Ага ылайык, эркек киши арыз ээсин алдоо жолу менен ага таандык батирди мыйзамсыз ээлеп алып, башкаларга сатып жиберген.   

Натыйажада жабырлануучуга 4 млн 810 миң 892 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1984-жылы туулган шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.

Эске салсак, буга чейин өзүн укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырган жаран шаар тургунун батирсиз калтырган.

Статистикага ылайык, алдамчылык Кыргызстанда кылмыштын эң тез өсүп жаткан түрүнө айланды. 2026-жылдын январь-май айларынын аралыгында өлкөдө алдамчылык боюнча 6 миң 144 учур катталган.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.