Ведомствонун маалыматына ылайык, социалдык тармактарда жана башка жарнамалык аянтчаларда жарандардын акча каражаттарын инвестиция, зайым жана башка финансылык инструменттер түрүндө тартуу боюнча сунуштардын жайылтылышы көбөйүүдө.
Айрым учурларда тиешелүү лицензиялардын жана уруксат берүүчү документтердин бар экендиги тастыкталбастан, жылдык 20–30%га чейинки кепилденген кирешелүүлүк сунушталууда.
Аталган кызмат эскертет: «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын 17-беренесине ылайык, финансылык жана инвестициялык кызмат көрсөтүүлөрдү жарнамалоодо жана жайылтууда иштин келечектеги кирешелүүлүгүнө карата кепилдиктерди, убадаларды же божомолдорду көрсөтүүгө жол берилбейт. Эгерде жарнама берүүчүнүн иши лицензияланууга тийиш болсо, тиешелүү лицензиянын бар экендиги тастыкталууга тийиш.
Талаптар жарнама берүүчүлөргө гана тиешелүү эмес. Жарнама агенттиктери, ЖМКлар, соцтармактардагы баракчалардын администраторлору жана интернет-аянтчалар жарандардын акча каражаттарын тартууга байланышкан жарнамалык материалдарды жайгаштырууда шектүү жарнамаларды жайгаштырууга жол бербеши зарыл.
Акча каражаттарын мыйзамсыз тартуунун же кепилденген кирешелүүлүктүн белгилери бар жарнамалар аныкталган учурда, тиешелүү иштин мыйзамдуулугу тастыкталганга чейин мындай жарнамаларды жайылтуу токтотулууга тийиш.
Жарнама жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик каралган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.