Тиешелүү мыйзам долбоору депутат Улан Примов тарабынан коомдук талкууга чыгарылды.
Негизги өзгөртүү — эгер үй-бүлөнүн унаасы же кыймылсыз мүлкү киреше алып келбесе, мындай мүлктүн болушу үй-бүлөнү жөлөк пулдан автоматтык түрдө ажыратууга негиз болбошу керек.
Ошол эле учурда аталган мүлктөр үй-бүлөнүн материалдык жактан камсыз болгонун көрсөтсө, мүлк баалоодо алар эске алынышы мүмкүн.
Мал чарбага карата мамилени да өзүнчө кайра карап чыгуу сунушталууда. Алардын саны үй-бүлөнүн айыл чарбасынан жана жеке көмөкчү чарбасынан түшкөн кирешеси менен бирге бааланат.
Жалпысынан үй-бүлөнүн муктаждыгын аныктоодо биринчи кезекте анын ар бир адамга туура келген орточо кирешесине, аны кепилденген эң төмөнкү киреше менен салыштырууга жана башка жагдайларга көңүл буруу сунушталууда.
Буга чейин 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө берилүүчү ай сайынкы «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун берүү тартиби өзгөрөрү кабарланган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.