Бул тууралуу Bank of America”нын аналитикалык баяндамасында айтылат.
Божомолго ылайык, Z муунунун глобалдык кирешелери 2030-жылга карата 36 трлн долларга чейин өсөт, ал эми 2035-жылга чейин зумерлер жер шарындагы калктын болжол менен 30%ын түзүп, эң бай муунга айланат.
Эксперттер мындай тез экономикалык өсүү азыркы кырдаалды эске алганда парадоксалдуу көрүнүш экенин белгилешет. Бүгүн Z муунунун көптөгөн өкүлдөрү жумушка орношууда кыйынчылыктарга туш болуп, ылайыксыз кызматтарга макул болууга аргасыз жана турак жай сатып алуу же үй-бүлө куруу өңдүү маанилүү чечимдерди — кийинкиге жылдырып жатышат. Бирок, талдоочулар зумерлердин келечектеги каржылык мүмкүнчүлүктөрүнүн эки негизги факторун белгилешет: карьералык өсүү жана капиталдын «кайра бөлүштүрүлүшү».
2045-жылга карата улуу муундардан миллениалдарга жана Z муунга болжол менен 84 триллион доллар өтөрү айтылууда. Бул байлыктын негизги бөлүгү миллениалдарга кетет, ал эми жаштардын болжол менен 38%ы мурасты алууну азыртан күтүп жатышат. Эмгек акынын жогорулашы бул жаңы муундун экономикалык таасирин бир кыйла жогорулатат.
Божомолдор боюнча, зумерлердин глобалдык чыгымдары 2030-жылга карата 12,6 трлн долларга жетет. Алардын негизги чыгашалары — турак жайды ижарага алуу, билим алуу, биринчи керектелүүчү товарлар жана башка майда чыгымдар. Дал ушул артыкчылыктар жаңы керектөө тренддерин калыптандырууда. Компаниялар өз өнүмдөрүн жана кызматтарын Z муунунун приоритеттерине ылайыкташтырууну барган сайын күчөтүп, туруктуу жана жоопкерчиликтүү санариптик соодага, wellness тармагына, үй жаныбарларына кам көрүү жана оюн индустриясына өзгөчө көңүл бурушууда.
Баяндамада Z муунунун глобалдык экономика жана социалдык системалар үчүн эң өзгөрүүчү күчтөрдүн бири болуу потенциалы бар экени баса белгиленет. Талдоочулар диетанын өзгөрүшү, алкоголдук ичимдиктерди керектөөнүн кыскарышы, үнөмдөөнүн жаңы моделдери жана жалпысынан керектөөгө карата башкача мамиле заманбап керектөөчүнүн имиджин түп-тамырынан бери өзгөртүшү мүмкүн экенин белгилешет.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.