2026-жылдын башынан тартып 13-апрелге карата фонд 1,07 млрд сомдон ашык суммада кепилдиктер берилди. Мунун аркасында ишкерлер 3,8 млрд сомдон ашык көлөмдө насыя каражаттарын тарта алышты.
Ишмердүүлүк жүргүзгөн мезгил ичинде «КФ» ААКсы жалпы суммасы 18,9 млрд сомдон ашкан 21 317 кепилдик берген. Натыйжада ишкерлер 57,9 млрд сомдон ашык көлөмдө насыя ресурстарына жетишти.
Кепилдик механизми банктык каржылоону алууда күрөө жетишсиз болгон ишкерлер үчүн негизги инструменттердин бири бойдон калууда.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.