Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кепилдик фондунун 10 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда билдирди.
Амангелдиевдин айтымында, капиталдын көбөйүшү ишкерлерге кепилдик колдоосун кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Мында кеп берилүүчү кепилдиктердин санын көбөйтүү жөнүндө гана болуп жаткан жок. Капиталдык базанын бекемделиши фондго банктардын жана башка финансы институттарынын кошумча ресурстарын экономиканын реалдуу секторуна тартууга мүмкүндүк берет.
«Бул кепилдик системасын мындан ары өнүктүрүүнүн негизи болушу керек болгон финансылык мультипликатор принциби», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары.
Мындай шартта, Амангелдиевдин пикиринде, кепилдик системасынын милдети ишкерлердин кредиттерге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен гана чектелбейт. Кеп өндүрүштү модернизациялоо, бизнести кеңейтүү, жаңы рынокторго чыгуу жана заманбап технологияларды киргизүү үчүн бир топ олуттуу, узак мөөнөттүү жана жеткиликтүү финансылык ресурстарды тартуу жөнүндө болуп жатат.
Ошол эле учурда фонд колдоо инструменттерин кеңейтип, негизинен чакан жана орто бизнес менен иштөөдөн ири инвестициялык долбоорлорду каржылоого катышууга өтүшү керек.
Амангелдиев фонддун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарылдыгын Кыргызстандын экономикасынын өсүшү менен байланыштырды. Акыркы төрт жылда экономиканын орточо жылдык өсүү темпи 10,2%ды түздү, ал эми өлкөнүн ИДПсы 2020-жылдагы болжол менен $8,3 млрддан 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 1,9 трлн сомдон ашты. Быйылкы жылдын сегиз айында ИДПнын реалдуу өсүшү 11%ды түздү.
Кепилдик фонду 10 жылдын ичинде Кыргызстан үчүн жаңы болгон инструменттен ишкердикти колдоо инфраструктурасынын элементтеринин бирине айланды. Аны түзүү бизнестин негизги көйгөйлөрүнүн бири - күрөө менен камсыздоонун жетишсиздиги менен байланыштуу болгон.
Алгачкы механизмдер түзүлүп жаткан учурда банк жана микрофинансы секторундагы карыз алуучулардын болжол менен 40–50%ы күрөөнүн жетишсиздигине туш болгон. Ошондуктан иштеп жаткан бизнеси жана келечектүү долбоору бар ишкер да керектүү каржылоону ала албай калышы мүмкүн эле.
Кепилдик механизмин түзүү боюнча алгачкы кадамдар 2011-жылы пилоттук долбоордун алкагында жасалган, ал эми 2016-жылдан тартып аны системалуу өнүктүрүү башталган. Бул убакыт аралыгында мамлекеттин, банктардын жана ишкерлердин өз ара аракеттенүүсүнүн туруктуу системасын түзүүгө жетишилгенин Амангельдиев белгиледи.
Бүгүнкү күндө бул иштин жыйынтыктары конкреттүү көрсөткүчтөр менен өлчөнөт. КФнын маалыматы боюнча, 10 жыл ичинде 22,5 млрд сомго жакын 23 миң кепилдик берилген, анын натыйжасында болжол менен 66 млрд сом көлөмүндө кредиттөө камсыздалган. Кепилдик инструменттеринин жардамы менен 7 000ден ашык жумуш орду түзүлүп, 42 миңге жакын жумуш орду колдоого алынган.
«Кепилдик инвестицияга айланышы керек. Инвестиция - өндүрүшкө, өндүрүш - жумуш орундарына жана калктын кирешелерине айланышы керек», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары.
Амангелдиев эл аралык кызматташтыкка да өзгөчө көңүл бурду. Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынын, Дүйнөлүк банктын жана башка өнөктөштөрдүн, анын ичинде кредиттик кепилдиктер системасы 1937-жылдан бери өнүгүп келе жаткан Япониянын тажрыйбасын колдонууда. Ошол эле учурда, анын айтымында, кыргыз модели да эл аралык деңгээлде таанылган: 2018-жылы АӨБдүн эксперттери аны Борбор Азиянын жана Кавказдын башка өлкөлөрүндө колдонууну карап чыгууну сунушташкан.
Жыйынтыгында Амангелдиев Кепилдик фондун өнүктүрүүнүн кийинки этабы кепилдиктердин санын көбөйтүүгө эмес, долбоорлордун сапатын жогорулатууга көбүрөөк байланыштуу болушу керектигин белгиледи. Анын айтымында, фонд Кыргызстандын ишкердигинин толук кандуу финансылык экосистемасынын негизги элементтеринин бирине айлана алат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.