МСК мейманкана бизнесине фискалдык программалык камсыздоону киргизди

Салык кызматы 1-октябрдан тарта мейманкана бизнесине фискалдык маалыматтык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди.

МСК мейманкана бизнесине фискалдык программалык камсыздоону киргизди
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Азат Алманбетов ЖМКлардын биринде берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мейманкана бизнесинин иши коомдук тамактануу тармагынан айырмаланып турат, буга байланыштуу система ар бир тармактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен киргизилип жатканын кошумчалады.

Долбоордун ишке ашыруу этабы:

  • 2025-жылдын 1-сентябрынан тарта – коомдук тамактануучу жайларда;
  • 2025-жылдын 1-октябрынан тартып — мейманканаларда;
  • 2026-жылдын 1-февралынан баштап — май куюучу жайларда.

Долбоорду ишке ашыруу 2026-жылдын 31-июлуна чейин улантылып, Бишкек, Жалал-Абад жана Ош шаарларына жайылтылат. Ошондой эле, өздүк эсепке алуу системасы бар салык төлөөчүлөр долбоорго иш чөйрөсүнө карабастан ыктыярдуу түрдө катыша алышат.

Туруктуу иштөөнү жана жогорку жүктөмдөргө даярдыкты камсыз кылуу үчүн сервердик кубаттуулукка талдоо жүргүзүлдү. 

«Талдоонун жыйынтыгы техникалык көйгөйлөрдүн пайда болушуна негиз жок экендигин көрсөттү», — деп белгиледи Алманбетов.

Фискалдык программалык камсыздоо Салык жана бухгалтердик эсепке алуу, ошондой эле бизнес-процесстерди автоматташтыруу максатында колдонулган салык төлөөчүлөрдүн ички эсеп системасы болуп эсептелет. Ал Салык кызматынын маалыматтык системалары менен түздөн-түз интеграцияланып, сатуулар жөнүндө маалыматтарды берүүнү жана ККМ чектерин түзүүнү түздөн-түз эсепке алуу системасы аркылуу ишке ашырат. Бул маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылат.

Пилоттук долбоорго катышуу үчүн ишкерлер салык кызматынын тиешелүү аймактык органдарына кайрылса болот.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.