«Астрасенд» системасы Кыргызстанга рубль менен келген каражатка 1,5%га чейин комиссия киргизди

«Астрасенд» системасы менен иштеген бир катар кыргызстандык банктар акча каражаттарын чыгаруу шарттарына өзгөртүүлөр киргизилгенин жарыялашты. Анда 1-декабрдан тарта рубль которууларын алуу үчүн 1,5% комиссиялык төлөм киргизилди. Комиссия каражатты алуучудан алынат.

«Астрасенд» системасы Кыргызстанга рубль менен келген каражатка 1,5%га чейин комиссия киргизди
Иллюстрациялык сүрөт

«2025-жылдын 1-декабрынан баштап Кыргызстандын аймагында орус рубли менен акча которууларды жүргүзгөн уюмдар алуучудан которуунун суммасынын 1,5%га чейин комиссиялык акы алышы мүмкүн. Андыктан, мүмкүн болгон кошумча төлөмдөрдү эске алыңыз. Ал эми АКШ доллары менен которууларда эч кандай комиссия төлөнбөйт», - деп жазылат Astrasend сайтында. 

Өлкөдөгү банктар эмне дейт

«ФинансКредитБанк» ААКсы

Банк «Астрасенд» акча которуу системасы аркылуу төлөмдөр убактылуу токтотулганын маалымдады.

«Бай Түшүм» банкы

«Бай Түшүм» Банкы «Астрасенд» системасы аркылуу которууларды берүү шарттарына өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди.

«Урматтуу кардарлар! 2025-жылдын 1-декабрынан баштап «Астрасенд» акча которуу системасы аркылуу берилген рубль менен акча которуулар үчүн бирдиктүү комиссия киргизилет. Алым которуунун суммасынын 1,5%ын түзөт жана алуучудан алынат. Ал эми АКШ доллары менен которуулар чегерүүсүз жана кошумча төлөмдөрсүз жүргүзүлөт. Биз сизге учурдагы которуу шарттары менен алдын ала таанышып чыгууну жана финансылык транзакцияларды пландаштырууда бул өзгөртүүлөрдү эске алууну сунуштайбыз», - деп билдирди аталган Банктан.

«Коммерциялык Банк КСБ» ЖАК

«Коммерциялык Банк КСБ» 3-декабрдан тарта «Астрасенд» кызматы аркылуу орус рублинде акча которууларды кабыл алуу шарттарына өзгөртүүлөр киргизилгендигин жарыялайт. Эми которууну кабыл алууда алуучудан 1,5% комиссия алынат. Жөнөтүүчүлөр үчүн комиссия 1,5% деңгээлинде өзгөрүүсүз калды», - деп билдирди банк.

Финансылык мекеме сизден которууларды жиберүүдө жана алууда жаңыланган шарттарды эске алууну суранат.

«Capital Bank» ААК

Бул банкта «Астрасенд» системасы убактылуу жеткиликтүү эмес.

«Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр! Бизде «Астрасенд» системасы убактылуу иштебейт. Мындан улам келип чыккан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнгөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз», - деп билдиришти аталган банктан.

«Дос-Кредобанк» ААК

Банк «Астрасенд» которуулары үчүн комиссиянын киргизилгендигин билдирди.

«1-декабрдан тарта «Астрасенд» акча которуу системасы орус рублинде которууларды алуу үчүн комиссияны киргизет. Тарифтер тууралуу кененирээк бул шилтеме аркылуу биле аласыз", — деп жазылат маалыматта.

«Азия Банк» ЖАК

«Азия Банкы» 2025-жылдын 1-декабрынан тартып «Астрасенд» системасы боюнча төлөмдөргө убактылуу чектөө киргизди.

«2025-жылдын 1-декабрынан тарта Asia Online мобилдик тиркемесинде «Астрасенд» которуу төлөмдөрү убактылуу жеткиликсиз болот. Биз жаңыртууну мүмкүн болушунча тезирээк бүтүрүп, которууларды кабыл алуунун ыңгайлуу ыкмасын калыбына келтирүү үчүн бардык аракетти жасап жатабыз», — деп билдирди аталган каржы институтунан.

«Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк» ЖАК

«Астрасенд» эл аралык акча которуу системасынын иштөөсүнө карата Банк 2025-жылдын 1-декабрынан тарта аталган система убактылуу иштебей турганын билдирди. 

«Кыргызкоммерцбанк» ААК

Банк «Астрасенд» системасы аркылуу акча которууларды берүү шарттарынын өзгөргөндүгү тууралуу билдирди.

«2025-жылдын 1-декабрынан баштап «Астрасенд» системасы аркылуу рублдик акча которуулар үчүн сумманын 1,5% өлчөмүндөгү бирдиктүү комиссия, алуучудан комиссия алынат. Доллар менен которуулар комиссиясыз», — деп айтылат маалыматта.

 «О!Банк» ААК

Банктан билдиргендей, 1-декабрдан баштап которууларды алуу үчүн 1,5% комиссия колдонулат. Кызматтын башка шарттары өзгөрүүсүз бойдон калууда — которуулар тез жана коопсуз кабыл алынат. Каражаттарды «Менин О!» колдонмосунан, ошондой эле каалаган O!Bank же O!Store кеңсесинде алууга мүмкүн.

Артыкчылыктары тууралуу:

  • Капчыкка, картага же эсепке акча каражаттарын дароо сом менен ыңгайлуу курс менен салуу.
  • Өлкөнүн каалаган банкоматында Visa Cashback картадан накталай акчаны бекер алуу.
  • Кыргызстан боюнча O!Bank жана O!Store кеңселеринин кеңири тармагы.
  • Каалаган убакта, каалаган күнү онлайн накталай акча алуу.

«ФИНКА Банк» ЖАК

1-декабрдан тарта Банк «Астрасенд» акча которууларын рубль менен чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифти киргизет: которуунун суммасынын 1,5%, алуучу кардардан алынат.

«Бул өзгөртүү «Астрасенд» рублинде которууларды чыгарган бардык банктарга тиешелүү. Доллар менен которуулар комиссиясыз ишке ашырылат. Биз кардарларга акча которуунун шарттары менен алдын ала таанышууну жана акча которууларды пландаштырууда бул мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү эске алууну сунуштайбыз», - деп билдирет «ФИНКА Банк»

«ЭкоИсламикБанк» ЖАК

2025-жылдын 1-декабрынан тарта «Астрасенд» системасында орус рублинде акча которууларды төлөө шарттары өзгөрдү.

«Эми которууну алуу үчүн комиссияны алуучу төлөйт. Комиссия алынган которуунун суммасынын 1,5%ын түзөт»,  - деп билдирди «ЭкоИсламикБанктан».

«Астрасенд» сайты Кыргызстандагы өнөктөш банктардын 1050дөн ашык филиалдары «Астрасенд» системасы аркылуу иш алып барарын билдирди. Төлөм системасы өсүп жана өнүгүп жатат, ошондой эле сия, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Монголия сыяктуу өлкөлөрдүн тизмеси тынымсыз кеңейүүдө.

Эскерте кетсек, «Астрасенд» акча которуу системасы 2022-жылдын ноябрь айында КРнын Улуттук банкында катталган эл аралык акча которуу системаларынын реестринде катталган.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.