Кыргызстандыктардын кирешеси инфляцияны кууй албай жатат - статистика

Кыргызстандын калкынын номиналдуу акчалай кирешеси 2025-жылдын биринчи жарымында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,9%га өсүү менен 480,2 млрд сомго жетти.

Кыргызстандыктардын кирешеси инфляцияны кууй албай жатат - статистика
Иллюстрациялык сүрөт

Мындай маалымат Улуттук статистикалык комитет тарабынан берилди.

Жарандардын кирешелеринин негизги бөлүгү дале эмгек ишмердүүлүгүнөн келип чыгууда – алардын кирешеси 80,2%ды түзөт. Социалдык трансферттер 12,8%ды түзсө, дагы 4,5%ы жеке чарба продукциясын сатуудан түшкөн.

Ошол эле учурда, керектөө бааларынын индекси боюнча эсептелген реалдуу кирешелер төмөндөгөн. Ал 2025-жылдын январь-июнь айларында алар 447,5 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2,3%га азайган.

Калктын адам башына туура келген реалдуу акчалай кирешеси да терс динамикасын көрсөттү: орточо эсеп менен өлкө боюнча айына 11 240 сомду түздү — 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 4%га азайган.

Милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү эсепке албаганда, калктын адам башына эсептелген кирешеси республика боюнча орточо эсеп менен айына 11 393,5 сомду түздү. Бирок аймактар ортосунда ажырымдар сакталып турат.

Кирешелер республикалык орточо көрсөткүчтөн жогору болгон:

  • Бишкек шаары – 3708 сомго жогору;
  • Ош – 248,7 сомго;
  • Чүй облусу – 434,8 сомго жогору.

Көпчүлүк аймактарда кирешелер республикалык орточо көрсөткүчтөн төмөн болгон:

  • Нарын облусу – 3241,8 сомго төмөн;
  • Ысык-Көл облусу – 2167,7 сомго төмөн;
  • Талас облусу – 1677,1 сомго төмөн;
  • Жалал-Абад облусу – 931,5 сомго төмөн;
  • Баткен облусуна – 857,5 сомго;
  • Ош облусу – 694,1 сомго төмөн.

Отчетто номиналдык кирешелердин өсүшүнө карабастан, инфляциялык басымдын кесепетинен калктын реалдуу сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөндөп жатканы баса белгиленген.

Эскерте кетсек, кечээ, Улуттук банк инфляцияны ооздуктоо үчүн эсептик ченди 11%га көтөргөн. 2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда инфляция 7,3%ды түзсө, былтыркыга салыштырмалуу 8,9%ды түздү.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.