Улуттук банк инфляцияны кармоо үчүн эсептик ченди 11%га чейин жогорулатты

Улуттук банк башкармалыгы 24-ноябрда эсептик ченди 100 базистик пунтка -11 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды.

Улуттук банк инфляцияны кармоо үчүн эсептик ченди 11%га чейин жогорулатты
Сүрөт: интернеттен алынды

Бул чечим бүгүн, 25-ноябрдан тартып күчүнө кирет. Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, мындай чаралар инфляцияны кармоо үчүн колдонулууда.

Инфляция жана тышкы факторлор негизги көйгөй бойдон калууда

Кыргызстанда инфляция деңгээли 2025-жылдын башталышынан тартып 7,3 пайызды, жылдык мааниде 8,9 пайызды түздү. Учурда өлкөдөгү баа динамикасы тышкы экономикалык шарттардын таасиринде калыптанууда, алардын ички бааларга болгон таасири олуттуу бойдон калууда. 

Азык-түлүккө болгон дүйнөлүк баалар өсүүдө, ал эми региондогу өлкөлөрдө инфляция жогору бойдон калууда. Бул факторлор өлкөгө импорттолгон товарлардын баасына таасир берүүдө. Учурдагы инфляциянын түзүмүндө, негизинен импорттолуучу күйүүчү-майлоочу материалдардын наркынын, электр энергиясына тарифтердин жогорулашы, ички керектөөнүн көбөйүшү жана бул факторлордун таасиринен улам азык-түлүктөн башка товарларга баалардын жогорулашы байкалууда. Ал эми азык-түлүк товарларына баалар салыштырмалуу орточо өсүү динамикасын көрсөтүүдө.

Экономикалык активдүүлүк жогору бойдон калууда

Өлкөдө экономикалык жигердүүлүк жогору бойдон сакталууда. 2025-жылдын январь-октябрь айларында реалдуу ИДӨ туруктуу керектөө суроо-талабына жана инвестициялык жигердүүлүктүн өсүшүнө байланыштуу 10%га жогорулаган. ИДӨнүн өсүшүнө кызмат көрсөтүүлөр  (+4,5%), курулуш (+2%) жана өнөр жай сектору (+1,6%) салымын кошууда. 

Ал эми ички суроо-талаптын жогору болушу реалдуу эмгек акыларынын өсүшү, акча которуулардын өлкөгө агылып кирүүсү жана керектөө кредиттеринин көбөйүшү менен шартталган. Курулуш секторуна колдоо көрсөткөн ички булактардын эсебинен каржыланган негизги капиталга инвестициялардын өсүшү байкалууда.

Бул шарттар инфляцияны максаттуу көрсөткүчкө кайтарууга багытталган

Улуттук банк учурдагы акча-кредит шарттары инфляцияны орто мөөнөттүү көрсөткүчкө – 5-7%га кайтарууга багытталганын белгиледи. BIR банктар аралык эталондук пайыздык чени Улуттук банктын пайыздык коридорунун төмөнкү чегине жакын калыптанууда, бул банк секторундагы ликвиддүүлүктүн жогору профицитин билдирет. 

Ички валюта рыногунда туруктуулук сакталып турат: чет өлкө валютасына суроо-талап менен сунуштоонун катышы тең салмактуу бойдон сакталып калууда. Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көбөйүшү тышкы чөйрөдө белгисиздик жагдайы орун алган шартта тышкы таасирлерге кошумча туруктуулукту камсыз кылат.

Банк сектору туруктуулукту көрсөтүүдө

Банк сектору туруктуу жана жогорку ликвиддүүлүккө ээ болуу менен бирге экономиканы кредиттөө үчүн жетиштүү потенциалды камсыз кылууда. 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча банктардын кредит портфелинин көлөмү 35,2%га , ал эми депозиттик базасы - 35,7%га көбөйгөн. Банктардын улуттук валютадагы депозиттеринин өсүшү калктын реалдуу кирешелеринин көбөйүшүн жана монетардык шарттардын катуулатуусунан улам калктын акча топтоо жөндөмүнүн күчөшүн чагылдырат. 

Банк сектору депозиттердин долларлашуу деңгээлинин 35 %га жана кредиттердин 17,8 %га чейин акырындык менен төмөндөшүн көрсөтүүдө.

Инфляциялык тобокелдиктер сакталууда

Региондогу энергоресурстарга баанын өзгөрүлмөлүүлүгү, азык-түлүккө болгон дүйнөлүк баалардын жогорулашы жана Кыргызстандын негизги соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө байкалган инфляциялык басым импорттолуучу товарлардын бааларына басымын улантууда. Бул факторлор жакынкы келечекте инфляцияга түрткү берүүчү факторлордун үстөмдүк кылуу ыктымалдыгын көрсөтүп, акча-кредит шарттарынын учурдагы күчөтүү зарылдыгын шарттайт. 

Ошол эле учурда, инфляциянын ички факторлору салыштырмалуу орточо жана башкарылуучу бойдон калууда. Бул шарттарда Улуттук банктын эсептик чен өлчөмү 11 пайыз деңгээлине чейин жогорулаган. Кабыл алынган чечим орто мөөнөттүү келечекте баа динамикасын 5-7% максаттуу диапазондо калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Финансылык жөнгө салуучу орган мындан аркы чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн калтырат

Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүүдө салмактуу ыкмага таянып, инфляциянын түптөлүп жаткан жаткан тышкы жана ички факторлоруна баа берүүнү улантууда. Баанын туруктуулугу үчүн кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан шартта, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жокко чыгарбайт.

Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки пландык отуруму 2026-жылдын 26-январында өтөт.

Эске салсак, 2024-жылдын апрель айында Улуттук банк Башкармасы эсептик ченди 13%дан 11%га түшүргөн. Май айында чен 11%дан 9%га чейин төмөндөтүлгөн. 2024-жылдын июль, август, октябрь жана ноябрь айларында КРнын Улуттук банкы эсептик ченди - 9% деңгээлинде калтырган.

2025-жылдын январь айында финансылык жөнгө салуучу орган эсептик ченди бешинчи жолу 9% деңгээлинде сактап, февраль айында өзгөрүүсүз калтырган. Апрель айында Улуттук банк эсептик ченди жетинчи жолу 9% деңгээлинде сактап, май айында өзгөртүүсүз калтырган.

Июль айында КРнын Улуттук банкы эсептик ченди 9%дан 9,25 %га чейин жогорулатып, август айында өз деңгээлин сактап калды.

Октябрь айында финансылык жөнгө салуучу орган эсептик ченди 75 базистик пунктка - 9,25%дан 10%га чейин көтөрүүнү чечкен.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.